«Мегакомдун» башчысы премьер-министрдин бажасы коркутуп жатканын айтып чыкты

Акылбек Жамангулов

Жаңылык 14:40та жаңыртылды.

«Мегаком» уюк операторунун башкы директору Акылбек Жамангулов 17-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бажа болгон Иманкадыр Рысалиев тараптан үй-бүлөсүнө бир катар коркутуулар болгону тууралуу билдирди.

Рысалиевдин баласы Эрназар Рысалиев мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Бул ишкана «Мегаком» менен биргеликте «Салам» бренди менен жаңы байланыш операторун ишке киргизгени жаткан.

«Мындан сырткары, расмий каттар да бар. [...] Мен бул адамды, анын тажрыйбасын сыйлайм. Мен бул долбоорго каршы чыкканымдан улам ушундай коркутуулар болду», — деп билдирди Жамангулов 17-майда парламенттик комиссиянын жыйынында.

Андан сырткары, Жаманкулов Рысалиев «Мегакомдо» текшерүүлөрдү демилгелеп, укук коргоо органдарын да тартам деп коркутканын айтып берди. «“Түбүңөргө жетем, үй-бүлөңдү кара, балдарыңды кара” дегенге чейин барган да», — деп айтты уюк операторунун башчысы.

Ошондой эле Жамангуловдун айтымында, Рысалиев «КТ Мобайлдын» «Салам» уюк операторун ишке киргизүү маселеси боюнча өкмөттө бир катар жумушчу чогулуштарды өткөргөн.

Рысалиев өзү Жамангулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, бирок аны коркутпаганын билдирди. Ал Жамангуловдун айткандарын «курулай жалаа жабуу» деп атады.

«Байланыш операторун ишке киргизүү Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалып атканын айткам. [...] Бул максатты өкмөт “Санарип Кыргызстан” долбоорунун алкагында койгон, мен — Коопсуздук кеңешинин алдындагы долбоорду баалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсүмүн. Бирок компаниянын директору мен аны коркуткандай кылып айткан. Мен эмне жиндиге окшоп турамбы? Ал мени менен сүйлөшпөй, телефонду коюп салды. Мен ага WhatsAppтан кат жөнөткөм», — деп билдирди ал.

Kaktus.Mediaнын скриншоту. Катты журналисттерге Рысалиев өзү берген

Ошондой эле Рысалиев Башкы прокуратура Жамангуловдун коркутуулар тууралуу билдирүүсүн териштириши керек деп билдирип, телефондук сүйлөшүүнү бастырып чыгарып берүүгө макул болгон.

«КТ Мобайлдагы» ызы-чуу

Мамлекеттик «КТ Мобайл» мобилдик байланыш оператору — бул «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун туунду ишканасы. Ал 2003-жылы түзүлгөн.

Ошол убакта эле компания лицензия жана уюк байланыш үчүн жыштыктарды алган. 2018-жылы компания өзүнчө уюк оператору болгусу келген жана бул үчүн бөлөк, «Мегаком» мамкомпаниясы менен бириккен.

Жарым жыл мурда «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, «Мегаком» өнөктөшүнө жыштыктарды колдонуу үчүн 345 млн сом бериши керек болгон. Бул акчалардын эсебинен «КТ Мобайл» уюк байланыш базарына «Салам» бренди менен чыгууну пландоодо.

Бирок май айынын ортосунда коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилиги 300 миң сомдон ашык маяна алып турганы жөнүндө маалымат пайда болгон. Ошондой эле компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиевдин өлкөнүн өкмөт башчысы менен тууганчылык байланышы бар экенин белгилүү болгон. Компаниянын менежерлери бул ызы-чуунун шартында кызматтарынан кетишкен.