Ишкерлер «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин текшерүүлөр башталганына арызданышты

Бишкектин «Дордой», «Мадина» жана «Кара-Суу» ири базарларынын өкүлдөрү билдиришкендей, соодагерлердин ишмердигин маморгандар текшере башташты, ал эми кээ бир банктар алар менен кызматташуудан такыр эле баш тартышууда.

Бул «Азаттык» Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылышына тиешелери бар болушу ыктымал делген иликтөөсүнөн кийин болду.

«Бардык банк акча которуулары Улуттук банк, финчалгындоо тарабынан аныкталып турат жана алар акча которуулардан кандайдыр бир бузууларды табышкан жок. ЖМК булардын баарын текшербестен чыгарып жатат», — деди юрист Муса Бейшенов.

Анын айтымында, Кытайдагы ишкерлер Кыргызстанга товар жөнөтүүнү токтотушкан, анткени алар акчаларды ала албай калабыз деп чоочулашууда. Бейшенов мунун айынан кыргызстандыктардын көпчүлүгү жумушсуз калуу коркунучуна дуушар болуп жатышканын айтууда.

«Бюджетке милларддаган сомдор түшпөйт. “Азаттыктын” иликтөөсүндө бардык ишкерлерди аралаштырып салышкан жана баары жапа чегишүүдө», — деп айтты Бейшенов.

Ишкерлер журналисттердин «фейк» маалыматтары өлкөнүн имижине зыян тийгизүүдө деп эсептешет.

«Банктардын бирөөсүнүн өкүлү мага жашыруун түрдө алар акча которуулардын айланасындагы чуунун айынан өз ишмердигин убактылуу токтото турууну ойлонушууда деп билдирди. Муну менен бирге жүздөгөн башка ишкерлер азап тартышууда», — деди «Мадина» базарынын директору Эрик Умарбаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) төрагасы Бакир Таиров 30-майда ведомство «Азаттыктын» иликтөөсүндө чогултулган маалыматтарды изилдеп жатканын кабарлаган.

Таировдун айтымында, Кыргызстандын ишкерлеринин импорт үчүн акчалары «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» базарларынан чыгарылышы мүмкүн болгон.

«Соодагерлер ай сайын 3 миллион доллардан которуп турушат. Бизде мындай материалдар бар болчу жана биз аларды текшерип жатканбыз. 15-20дан ишкерлер чогулуп, акчаларды чет өлкөгө которушат», — деп айткан Таиров парламентте.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иликтөө боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган, бирок финпол Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн төрт айдан ашуун убакыттан бери текшерип жатат.

2016-жылы «Азаттыктын» журналисттери Матраимовдун жакын туугандарына таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү табышкан, бирок ошол учурда анын бир жылдык кирешеси 8500 миң долларды түзүп турган.