Азиз Батукаев

Бийлик 2019-жылы жазында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтөөнү кайра жандандырган.

Аны колониядан 2013-жылы коё беришкен, андан кийин ал дароо эле Кыргызстандан Чеченстанга учуп кеткен. Батукаевди бошотуу үчүн врачтардын ага «лейкоз» деп коюшкан диагнозу себеп болгон, ал эми кийинчерээк медициналык документ жасалма экени аныкталган.

Кыргыз тарап өзүнүн орус кесиптештери менен Батукаевди кайра өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бул оң жыйынтык берген эмес.

«Клооп», бийликтин ою боюнча, кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушуна тиешелүү деп эсептелинген аткаминерлер менен врачтардын кармалышынын хронологиясын айтып берет.

17-апрель

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттардын алдында Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу кылмыш иши жанданганы жөнүндө билдирген.

Жамшитовдун айтымында, Башкы прокуратура бул ишти кайрадан 2019-жылы январда иликтей баштаган.

3-май

ЖМКлар врач-онколог Эмил Макимбетов жана врач-гематолог Ирина Цопова кармалганы тууралуу билдиришкен. Тергөөнүн пикири боюнча, алар 2013-жылы «кримтөбөл айыккыс дарт менен ооруйт деп айтылган жасалма аныктама» беришкен.

8-май

ИИМдин кызматкерлери ИК-47 борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархат Атаходжаевди, Саламаттык сактоо министрлигинин врачы Канат Байтемировду жана ЖАМКтын медициналык башкармалыгынын экс-начальниги Акылбек Асановду кармашкан. Сот 12-майда Асанов менен Байтемировду үй камагына коё берип, ал эми Атаходжаевди эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

15-май

ИИМ мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын, андан тышкары, ЖАМКтын башчысынын экс-кеңешчиси Кылычбек Качкыналиевдин кармалганы жөнүндө жарыялаган. ИИМдегилер тергөөгө таянуу менен кармалгандар так кесе эмне боюнча шектелип жатышканын айтышкан эмес. Сот Сагынбаеваны 23-майда үй камагына коё берген.

21-май

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалган. Ал дал ушул Батукаевдин бошотулушунун айынан өз кызматынан кол жууп калган.

Ал эми Атаханов өзү Батукаевди бошотуу аракеттери ал вице-премьерлик кызматка дайылганга чейин эле 10 жыл мурда эле көрүлүп келгенин билдирген.

23-май

Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовго карата иликтөө баштаган. Батукаев 2013-жылы Эрматов чыгарган сот чечими боюнча абактан чыгып кеткен. Тергөө анын иш-аракеттерин «Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери боюнча текшере баштаган.

30-май

Нарын облусунда атайын прокурор Майрамбек Акматалиевдин кармалганы тууралуу белгилүү болгон. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту Акматалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

3-июнь

ЖМКларда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Журналисттердин маалыматтарына ылайык, Салянова 3-июнда суракка чакырылган, ал эми ошол эле күнү бир нече сааттан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны кармоону чечишкен. Салянова өзү Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси жок экенин айткан болчу.

Кармоолордон тышкары, тергөө 2013-жылы кызматтарды ээлеп турушкан көптөгөн мурдагы жана учурдагы акаминерлерди суракка алган. ЖАМКтын мурдагы башчысы жана учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев тергөөчүлөр экс-президент Алмазбек Атамбаевди да суракка алышы керектигин айткан.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кримтөбөлдүн бошотулушуна Атамбаевдин түз-түз тиешеси бар экенин билдирген. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жана соттолгон депутат Өмүрбек Текебаев да айтышкан болчу.