Мурдагы саламаттык сактоо министри Сагынбаева үй камагына коё берилди

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 22-май күнү кечинде чыгарган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын кармалышы тууралуу 15-майда белгилүү болгон. Бул 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иликтөөнүн жандандырылышынын шартында орун алды.

Кыргызстандын бийлиги аталган иш боюнча Сагынбаевадан тышкары экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановду кармаган. Ошондой эле, Батукаевдин бошотулушуна негиз болгон «лейкоз» диагнозун койгон дарыгерлер да камакка алынган.

Кийинчерээк медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон, бирок Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен эле.