Казакстандагы президенттик шайлоо: Алматада добуштардын жыйынтыктарына нааразы болгон 30дан ашуун адам кармалды

Алматанын тургундары 10-июнда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, добуштардын көбүн азыркы президент Касым-Жомарт Токаев алган.

Vlast.kz басылмасынын маалыматына ылайык, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Алматанын борбордук көчөлөрүн бойлой тизилип алышкан, шаар борборунда полиция менен тез аракет көрүү отрядынын кызматкерлери көп.

Ар кандай баалоолор боюнча, полиция 30дан 50гө чейин адамды кармаган. Ошондой эле «Азаттык» үналгысы кабарлагандай, кармалгандардын бирөөсү полиция автобусунун ичинен колунун кан тамырларын кесүүгө аракет кылган.

«Өзүн кескилеген адам дароо эле автоунаадан чыгарылып, ал асфальтка кулап түшкөн. Адамдар анын колу кесилген жеринен өйдө таңып, биринчи меджардам көрсөтүштү. Бир нече мүнөттөн кийин тез жардам кызматы келип, аялды алып кеткен», — деп жазган радио күбөлөрдүн айткандарына таянып.

Казакстандын ЖМКлары маалымдашкандай, аял жанынан өтүп бараткандарды полиция кармап жатканына каршы чыккан.

Ошондой эле, президенттик шайлоо күнү 9-июнда казакстандыктар өлкөнүн бир нече шаарында митингдерге чыгышкан. Расмий маалыматтар боюнча, полиция 500 адамды кармаган — алардын арасында журналисттер, активисттер жана укук коргоочулар да бар.

Активисттердин жана укук коргоочулардын өздөрүнүн айтымында, кармалгандардын саны 500дөн көп. Vlast.kzттин маалыматы боюнча, кармалгандардын адвокаттары коргоого алган адамдарына кире албай жатышат.

«Азаттыктын» казак үналгысы кабарлагандай, Нур-Султанда түнкү сотторду өткөрүшүп, кармалгандар туурасында туугандарына билдирбестен эле коңшу райондорго алып кетишкен.

Кармалган укук коргоочу Дианара Мукатова «Азаттыкка» кабарлагандай, аны жана башка кармалгандарды макулдашылбаган акцияга катышуу боюнча соттошуп, 5 суткадан 10 суткага чейин камакка алышкан.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) эл аралык байкоочулары кармоолорду шайлоочулардын «конституциялык укуктарын бузуу» деп атады.