Атамбаевдин тарапташтары: Экс-президенттин банктык эсептерин текшерүү — бул башка үй-бүлөдөн алагды кылуу аракети

Экс-президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Биринчи май райондук сотунун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын тарапташтарынын банк эсептерин текшерүү тууралуу чечимин «театрлашкан оюндар» деп атады.

«Бийлик экс-президенттин үй-бүлөсүнөн, жок дегенде бирдеме болсо да “чукуп” тапкысы келип, аны менен адамдардын көңүлүн башка үй-бүлөдөн алагды кылгысы келип жатканы түшүнүктүү», — деп жазды ал.

Жолдубаева сот Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери боюнча документтерди текшерүү тууралуу чечимди аны кабардар кылбай туруп чыгарганын түшүндүрдү.

«Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, алтургай, банктык кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана [экс-президенттин жубайы] Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ал да камакка алынган», — деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, сот «одоно түзүлгөн тизме боюнча» текшерүүгө уруксат берген — ага Раиса Атамбаевдин маркум агасынын, анын ичинде экс-президенттин тууганы болуп эсептелбеген Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевдин эсеби кошулган.

Атамбаевдин банктык эсептерин текшерүү

Экс-президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн банктык уячалары менен эсептерин текшерүү жөнүндө суранычты сотко Аскер прокуратурасы жөнөткөн. Тергөөчүлөрдүн 2009-жылдан баштап 2019-жылга чейинки 20дан ушуун банктагы документтерди текшергилери келет. Текшерүү экс-президенттин жакын туугандарына, анын аялы Раиса Атамбаев менен балдарына тиешелүү болот.

Ошондой эле экс-президенттин бизнес өнөктөштөрүнүн эсептери да текшерилет — Атамбаевге таандык «Форум» фирмасынын түзүүчүлөрүн бири Пархати Субихинин жана түрк бизнесмен Ахмет Каянын эсептери. Акыркысына Атамбаев 2003-жылы Elektromed Elektronik компаниясынын 90% акциясын саткан.

Атамбаевдин мураскери менен чырдашуусу

Экс-президенттин эсептерин текшерүү Атамбаевдин президенттик кызматты аркалап жаткан мураскери Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан чырдашуусунун жыйынтыгы болуп калды.

Эки саясатчы жана мурдагы тарапташтардын мамилеси 2017-жылы жазында Атамбаев саясатка кайтып келээрин билдирип, ал Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүүсүн сынга алгандан кийин бузулуп кеткет. Жээнбеков антикоррупциялык чараларды өзүнүн президенттик кызматындагы негизги багыттардын бири деп бир нече жолу атаган эле.

Араздашуу Атамбаевдин көптөгөн тарапкерлеринин жогорку кызматтардан кетүүлөрүнө, андан тышкары, экс-президенттин айрым жакын үзөңгүлөштөрүнүн камакка алынышына алып келген. Мисалы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, анын ичинде Бишкектин мурдагы экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов камакка алынган.

Чырдашуу башталган убактан тарта бир жарым жыл өткөн соң бийлик парламентке мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратууга мүмкүнчүлүк берген түзөтүүлөрдү кабыл алган.

Мындан кийин Атамбаевге каршы алты айып тагылган — өзгөчө ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз алууга жана ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпташкан.

Жооп ирээтинде Атамбаев «Кудай жана мыйзам алдында таза экенин» билдирген, ал эми анын тарапкерлери экс-президент коюлуп жаткан айыптардан улам Кыргызстандан чыгып кетпейт деп ишендиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА: