Прокуратура Атамбаевдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана тарапкерлеринин банктык эсептерин текшерет

Экс-президенттин жана анын жакындарынын эсептери текшерилет.

Алмазбек Атамбаевдин финансылык жана банктык документтерин алып коюу жөнүндө суранычты сотко Аскер прокуратурасы жөнөттү. Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-мамлекет башчынын, анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын эсептерин текшерүүгө уруксат берди. Токтомдун үстүнөн даттанууга убакыт бар.

Материал даярдалып жаткан учурда экс-президенттин өкүлдөрү менен байланышып, алардын көз караштарын угуу аракетинен майнап чыккан жок.

Мурдараак парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу чечимди Башкы прокуратурага жөнөткөн. Депутаттык комиссия Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган кезде өзүнүн кызмат ордун колдонуу менен аны сындаган кишилердин сот адилеттигине кийлигишип, сөз эркиндигин жана адамдардын эркиндигин чектеген деп эсептейт.

Атамбаевге коюлуп жаткан айыптардын катарында төмөнкүлөр бар: 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушун көзөмөлдөө, ЖЭБди жаңыртуудагы жана жылуулук борборуна көмүр жеткирүүдөгү коррупция, жер тилкелерин коррупциялык сатып алуу — бул дал ошол экс-президенттин тарапкерлеринин жарандык чогулушу өткөрүлгөн Кой-Таштагы үйгө тиешелүү.

Кимдердин эсептери текшерилет?

Атамбаевдин үй-бүлөсү: Султан Досалиев

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын жубайы Раиса Атамбаеванын, уулдары Кадырбек жана Сейитбек Атамбаевдерди, кыздары Алия Шагиева, Динара жана Диана Атамбаевалардын банктык эсептери текшерилет.

Мындан тышкары Сейилбек Атамбаев аттуу кишинин да ысымы кезигет. Ал Атамбаевдин биринчи үй-бүлөсүндөгү уулу Сейтек Атамбаев болушу мүмкүн — Сейитбек Атамбаевдин бир тууган агасы.

Ошондой эле тизмеде Нурбек Шаршенов да жүрөт — Red Rokcs компаниясынын 30 пайыздык үлүшүнүн ээси болушу мүмкүн, буга чейин аны бир нече жолу Атамбаевдин тууганы деп аташкан. Раиса Атамбаева тараптан Луиза, Албина жана Рамил Шагиевдердин эсеби текшерилет. Тизмеде Артур жана Лилия Байбуриндер, Жибек Рахмажанова, Аэлита Сатыбалдиева, Раиса Бектемирова, Азиза Темирбекова аттуу адамдардын ысымдары кезигет.

Мурда премьер-министр болуп турган Сооронбай Жээнбековдун колунан мыкты экспортчу катары сыйлык алып жаткан Кайрат Абдуллаев.

Кайрат Абдуллаевди да текшерүүнү каалашууда — ал «Үмүт и Ко» компаниясынын негиздөөчүсү жана «Гавайи» эс алуу комплексинин ээси болушу ыктымал. Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеевдин да банктык эсептери текшерилет. Ал буга чейин мыйзамсыз баюуга айыпталып беш жылга соттолгон.

Пархати Субихи

Экс-президентке таандык «Форум» фирмасынын түзүүчүлөрүн бири Пархати Субихинин эсептери текшерилет. Ошондой эле ал «Хуасинь инвестициялык компаниясынын» ээси жана Эдил Байсаловдун иликтөөсүнө ылайык, ал «АКА Петролеум» компаниясы ээлик кылган «Терек — Сай Жаштары» менен байланыштуу болушу мүмкүн. Али Токтакуновдун иликтөөсүнө ылайык, «АКА Петролеумдун» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга жана Матраимовдордун кланына тиешеси бар. Андан тышкары, «Терексай Жаштарынын» негиздөөчүсү — финполдун учурдагы башчысы Бакир Таировдун бир тууганы.

Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева (ортодо), Ахмет Кай (сол тараптан акыркы) жана Түркиянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Хисаржыклыоглу (оң жактан акыркысы) менен. Сүрөт: Соода-өнөр жай палатасы

Журналисттик иликтөөнүн фигуранты болгон түрк ишкери Ахмет Каянын да эсеби текшерүүгө алынат. Ал Elektromed Elektronik компаниясына ээлик кылат. 2003-жылы Атамбаев ага аталган компаниядагы өзүнүн 90 пайыз акциясын саткан. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда түрк ишкери белгилүү бир убакытка анын кеңешчиси болгон.

2009-жылдан баштап 2019-жылга чейинки банктык документтер текшерилет. Тизмедеги кишилердин эсептери төмөнкү банктардан изилденет: Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы, «БТА банк», «Демир Кыргыз Интернешнл банк», «Бай Түшүм», «Азия Банк», «КИКБ», «Толубай», «Айыл банк», «Капитал банк», «Бакай банк», «Дос-Кредобанк», «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» , «Евразиялык аманат банкы», «РСК банк», «Финанс Кредит Банк», «Халык Банк Кыргызстан», «ЭкоИсламикБанк», «Оптима банк», «Аманбанк», «Росинбанк», «Кыргызкоммерцбанк», «Кыргыз-Швейцариялык банкы», «Финка банк», «Чанг Ан Банк» жана «Компаньон Банкы».