«Кудай алдында жана элимдин алдында акмын»: Атамбаев өзүнө коюлган айыптарга комментарий берди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева таратты.

«Жогорку Кеңеши тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясый атаандашты четтеттүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан», — деди Атамбаев.

Анын айтымында, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков «оозун жабуу үчүн башка ыкма таппай турат», ошондуктан «ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоону» чечкен.

«Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы, чындык менин тарабымда экендигин мындан да кашкайта далилдеп турат», — деп жазган Атамбаев өз кайрылуусунда.

Экс-президент дагы бир ирет «жанымдагы адамдардан абдан адашкан экенин» айтты. Анын пикиринде, азыр аны сындап жаткандар — «жагымдуу кошоматчылар», алардын башында Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы, парламенттин депутаты Асылбек турат.

«Мен Кудай алдында жана элимдин алдында акмын! Мыйзам жана абийирим алдында тазамын! Бул жылдардын ичинде аткарган иштеримдин баарын эл үчүн жасаганга аракет кылдым жана анын баары элге калат!» — деп билдирди экс-президент.

Атамбаев Кыргызстандын президентик кызматында иштеп турганда кабыл алган чечимдерине жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

«Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп мойнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарны да мага оодара албайт», — деп жазды экс-президент кайрылуусунун соңунда.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу

Парламент 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилгени колдоду — бул артыкчылыктарга ал мамлекет башчылык кызматтан кеткенден кийин ээ болуп калган.

Депутаттар Атамбаевди бийликти узурпациялоого, ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга жана башка мыйзамдарды бузууга айыпташкан.

Атамбаевдин үзөнгүлөштөрү бир нече жолу айыптардын мыйзамсыздыгы тууралуу билдиришип, ошондой эле экс-президент Кыргызстандан кетүүгө камынбаганын айтып чыгышкан.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну анын ордуна президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында чечкен. Саясатчылардын тиреши бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.