«Жээнбеков мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» — Атамбаев дарегине коюлган айыптарга комментарий берди

КСДПнын басма сөз кызматы 26-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн таратты. Мурдагы президенттин айтымында, анын мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты».

«Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк–кландык режимин да шыпырып кетери анык», — деп жазды экс-президент.

Анын ою боюнча, экономикада жана социалдык чөйрөлөрдө эч кандай оң жылыштар болбогондуктан, азыркы кырдаал боюнча жаралган «толкунду эч ким токтото албайт».

«Сиздер учурда Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын көрүп турасыздар. Эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басыш үчүн бүт аракетин жасап жатат. Бул максатка жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын бүткүл ресурсу иштеп жатат. Буга мурдакы коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган», — деп билдирди Атамбаев.

Ошондой эле ал жоопкерчиликтен коркпосун айтып, өз дарегине тагылган айыптарды «былжырак, айың кептер» деп атады.

«Кылмыш иштери ушактарга жана ойдон чыгарылган ыплас нерселерге негизделиши мүмкүн экенин эч качан ойлогон эмес элем. [...] Мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Бул суу жүрөктөр өзүлөрүнүн бардык арам иштерин бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн», — деп жазган экс-президент билдирүүсүндө.

Ал экс-вице-премьер Шамил Атаханов менен мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин көрсөтмөлөрү «кысым астында алынган» деп эсептейт. Мурдагы аткаминерлер ага каршы көрсөтмө беришкен эле. Экс-президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча айыпка да пикирин билдирди.

«Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм. Аны бошотуу боюнча афёраны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы, жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок», — деп жазган ал.

Атамбаевдин айтымында, ал президент болуп турганда Орусиянын бийлиги менен Батукаевди өткөрүп алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок бул тууралуу учурдагы бийлик «унчукпай» жатат деп кошумчалады. Экс-президент Орусиянын президенти Владимир Путин да кримтөбөлдүн бошотулушу тууралуу иш боюнча «өз сөзүн айтаарына» үмүттөнөт.

Кой-Таштагы штаб

Атамбаевдин тарапташтары аны колдоо максатында Кой-Таштагы үйүндө штаб түзүп, бир нече боз үй тигишкен.

ЖМКлар билдиришкендей, Атамбаевдин үйүнүн алдында бетон тосмолору орнотулуп, хан сарайын күзөтчүлөр кайтарышууда.

Атамбаевдин үйүнүн алдында бетон тосмолору. Сүрөт: Kaktus.Media

Экс-президент 22-июнда тарапташтарынын алдына чыгып, аны коргоону каалашкан адамдар келип жатышканын айтты. Бирок Атамбаев жардамдан баш тарткан.

«Акыркы эки-үч жумадан бери мага кайра-кайра Чүйдүн жигиттери келип жатат. Мен өзүмдү өзүм коргоп көнгөм. Дайыма айтам, мага эч ким кереги жок, менин керек болсо өзүмдүн курал-жарагым бар», — деп «Азаттык» Атамбаевдин айткандарын келтирет.

Кийинчерээк КСДПдан Атамбаев сыйлыкка берилген куралы тууралуу айтып жатат деп түшүндүрүшкөн. Партиядан экс-президент курал колдонуу жөнүндө мыйзамды билет, ал эми анын сөздөрү «өз өмүрлөрүн тобокелге салбашы» үчүн тарапташтарына даректелген деп билдиришти.

Атамбаевге каршы айыптар

Башкы прокуратура менен парламент экс-президенттин аракеттеринен кылмыштын белгилерин табышкандан кийин Атамбаевдин тарапкерлери үйүнүн жанына чогулушкан. Бул айыптардан улам Атамбаев кол тийбестигинен ажырап калышы мүмкүн.

Депутаттык комиссия Атамбаевге кылмыш жасоо боюнча алты айып таккан. Алар: кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөө жана Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция.

25-июнда Башкы прокуратура Атамбаевге каршы алты айыптын ичинен бешөөсүн негиздүү деп тапкан.

Атамбаев өзү Жээнбеков анын «оозун жабуу үчүн башка ыкма таппай турат», ошондуктан «ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоону» чечкен деп билдирген. Ошондой эле КСДП экс-президент өлкөдөн чыгып кетпесин кабарлаган.

Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жана анын жакындарынын банктык эсептерин текшерүүнү демилгелеген. КСДПдан муну «көңүлдү башка үй-бүлөдөн буруп кетүү аракети» деп аташкан.

Парламент Атамбаевди мамлекеттик башчылык кызматта өз ордуна келген Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан урушунун шартында кол тийбестиктен ажыратууну чечти. Саясатчылар бир жарым жылдан ашуун араздашып жатышат.