Райымбек Матраимов 1-майдагы спорттук турнирде.

NUR OSH ютуб каналы «Исмаил Ата» фондусунун кайрымдуулук иштерин баяндаган эки тасма жарыялады. Аталган фондду Матраимовдордун үй-бүлөсү башкарат. Ал Кыргызстандагы эң бай жана таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет. Тасма ким тарабынан жана качан тартылганы түшүнүксүз.

«Истаил Ата» фондунун аты «Азаттыктын» 2011-2017-жылдары Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар боюнча иликтөөсүндө аталган. Журналист Али Токтокунов Айэркен Саймаити аттуу киши жана анын жубайы Вуфули Бумаилиамуму Матраимовдордун фондуна 2,3 млн доллар которгон деп билдирген.

Депутат Искендер Матраимов билдиргендей, Вуфули Бумаилиамуму анын фондуна «Азаттыкта» көрсөтүлгөндөй 2,3 млн доллар эмес, 199 миң доллар которгон.

Биринчи видео эмне жөнүндө?

22 мүнөткө созулган «Матраимовдор жана спорт» аттуу биринчи видеороликти 25-июнда жарыялашкан.

Роликтин түшүндүрмөсүндө бир тууган Матраимовдор (так ысымдар аталган эмес) спорттун бир нече түрүнө колдоо көрсөтүп, Кара-Суу районунда (ред. — Матраимовдор туулган жер), Ош жана Бишкек шаарларында спорт объектилерин куруп келет деп айтылат.

Тасмада ар кайсы аткаминер, тренер жана спортчулардан алынган интервьюлар берилген. Анда алар Матраимовдорду колдоп, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев да тасмада катышуучулардын бири болгон. Ал бажынын төрагасынын орун басары Райымбек Матаримовду «азыркы замандын баатыры» деп атап, спортко «баа жеткис салым» кошкон деп билдирген.

«[Райымбек Матраимов] канчалаган футболчуларды, волейболчуларды [...] спорттун бардык түрүн колдоп келет. Футболду жакында эле дүйнөлүк аренага алып чыгып койду. Өзүнүн күчү жана өзүнүн талабы менен», — деди Саркарбаев.

Мындан тышкары, Матраимовдордун ишмердигине колдоо көрсөтүп Кара-Суудагы футбол боюнча тренер Касым Тешебаев да сөз сүйлөгөн. Анын айтымында, Райымбек менен анын иниси Тилек Матраимов (ред. — Кара-Суу районунун акими) турнирлерде жаш спортчуларды колдоп келишет.

Аткаминерлер менен тренерлерден тышкары спортчулар да Матраимовдорго карата колдоо сөздөрүн айтышкан.

«15 жыл мурун Ошто 2-3 эле зал бар эле. Азыркы күндө “Эрем” спорт комплекстери курулган. Спортко жардам берип келген Райымбек Исмаиловичке терең ыраазычылык билдиребиз», — деп айткан спортчулардын бири.

Видеодогу интервью берип жаткан спортчу. Видеодон алынган скриншот

Видеодо балдардын интервьюсу да көрсөтүлгөн. Анда алар курулган спорттук объекттер үчүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиришкен.

«Райымбек Матраимовду бизге заманбап жабдык жана тренажер орнотуп бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Ал бизге өзүбүздүн мыкты сапаттарыбызды спорттун бардык түрүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү», — деп айткан спортчу кыздардын бири.

Матраимовдорго спорт объекттерди жана жаштар үчүн аянтчаларды кургандыгы үчүн видеонун соңунда жергиликтүү тургундар алкыш айтышкан.

«Ушул спорт аянтча “Исмаил-Ата” фонду тарабынан курулган. Курулуш иштери 2018-жылы башталып, декабрда ачылышы болгон. Спорт аянтча ачылгандан бери Ак-Таш айылынын жаштары күнүгө ушул жерде спорттук оюндар менен алектенип жатышат. Мурда мындай аянтча болгон эмес», — деп түшүндүргөн Ак-Таш айлынын тургуну Алмаз Абдылдаев.

Экинчи видео

Экинчи роликти каналга 26-июнда жүктөшкөн. Ал «Матраимовдор операцияга муктаж Фатимага жардам беришти» деп аталат. Кыз эмне менен ооругандыгы так белгилүү эмес. Түшүндүрмөдө айтылгандай, Ысык-Көл облусунун тургундары Матраимовдорго кайрылышкан жана «Исмаил Ата» фонду аларга «керектүү жардамды» берген.

Видеодо Фатима деген оорулуу кыздын атасы деп көрсөтүлгөн кишинин айтымында, ал «Исмаил Ата» фонду башка адамдарга жардам берип келгендиги үчүн бул фондго кайрылууну чечкен.

«Кызым Фатима эки жылдан бери ооруп, оор абалда турабыз. Өкмөт башчысына деле кайрылат элек. Райымбек Матраимовго окшогон агаларыбызга бут тосуу кылбай, буларга да жардам көрсөтсөңүздөр. Эгерде ушундай адамдар камалып кете турган болсо, бизге окшогон адамдарга кимдер жардам берет. Кыргызстаныбызда ушундай жакшы адамдар көбөйсүн деп ниет кылабыз», — деп билдирген тасмада сүйлөгөн эркек киши.

Ошондой эле, Матраимовдорду колдон «Ысык-Көл облусунун аксакалдарынын» атынан башка бир киши сүйлөгөн.

«Райымбек Матраимов көптөгөн кайрымдуу иштерди жасап жатканын элибиздин баары билет. Кудай ошол инибиздин ишине ийгилик берип, тапканына береке берсин. Суук көздөн, суук сөздөн сактасын», — деген ал.

Анткени менен видеонун аягына чейин «Исмаил Ата» фонду Фатиманын үй-бүлөсүнө так кандай жардам бергени түшүнүксүз.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Бул видеолор социалдык тармактарда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн пайдасына фейктер менен боттор иштеп жатат деген билдирүүлөрдүн шартында NUR OSH каналында пайда боло баштады.

«Бардык нерсенин өз чеги болот. Ар биз сөзүбүздү тактап сүйлөсөк анан мамлекетибизде өнүгүү болот. Ал эми Алиге окшогон журналисттер албетте мыйзам алдында жооп берсин», — фейк катары журналисттер ушундай мисалды келдиришет.

NUR OSH каналында 25 жана 26-июнда жүктөлгөн эки тасмадан сырткары башка видео жок.

«Эрем» спорт клубунун башчысы катары Руслан Матраимовду эсептешет. «Азаттыктын» 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүндө «Эрем» 2011-жылдан баштап бюджетке эч кандай каражат төкпөгөнү айтылат. Ал эми 2017-2018-жылдары спорт клуб 150 миңдин тегерегинде салык төлөгөн.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда «5-каналдын» телеберүүсүндө сүйлөп жатып, анын кайрымдуулук фонду кичи футбол талаасын, мечит куруп, ошондой эле, 76 баланын окуусун төлөп берген деп билдирген.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар иликтөөсүнөн кийин гана коомдун көңүл чордонунда болгон жок. Буга чейин Матраимовдорду алар уюштурган спорттук турнирге чоң мансаптагы аткаминерлер барган сүрөттүн айынан талкуулашкан.

Анда Матраимовдордун атасынын урматына арналган турнирге парламенттин спикери Дастан Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана дагы ондогон депутаттар келишкен.

Жумабеков кийинчерээк, коомчулуктун сын-пикирне жооп берип жатып, Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын элине кызмат кылат деп айткан.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы