Фейк аккаунттардан Матраимовдорду колдогон постторду жазышууда — ЖМК

«Маалымат майданы — Новостной майдан» тайпасында парламенттин депутаты Искендер Матраимовду колдоого чакырган пост.

Социалдык тармактарда Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу кыргыз басылмалары чыгарган эки материал талкууланууда.

Сөз «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылганы тууралуу иликтөөсү менен «Бешинчи каналдын» материалы жөнүндө болууда. «Азаттыктын» иликтөөсүндө ал акчаларга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деп айтылса, экинчилери ал иликтөөдөгү кээ бир документтердин аныктыгын күмөнгө коюшкан.

Kaktus.media басылмасы алардын сайтында Матраимовдордун үй-бүлөсүн коргогон комментарийлер бир IP даректен эле жарыяланып жатканын аныктаган. Басылма сайттын админкасынын скриншотун жарыялаган жана анда IP даректер, колдонуучулардын аттары жана комментарий жазылган убакыттар көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, редакция фейсбукта #яневерюали жана #яневерюазаттыку деген хештегдер менен Матраиомовдорду колдогон постторду жазган колдонуучулардын кээ бир аккаунттарына талдоо жүргүзгөн.

Журналисттер «Азаттыктын» иликтөөсүнүн сапатын сынга алып, окшош тексттерди жарыялаган фейсбуктагы жеке маалыматы аз көрсөтүлгөн 9 колдонуучуну табышкан.

Kaktus.media бул колдонуучулардын сүрөттөрүн колдонуп, башка ысымдагы адамдардын профилдерин тапкан. Мисалы, фейсбуктун Жибек Кайнарова аттуу колдонуучусу иликтөө тууралуу «Бешинчи каналдын» сюжети чыккандан кийин дароо эле «Азаттыкты» сынга ала баштаган.

Кайнарованын сүрөтүн Googleдан издегенде «Одноклассники» социалдык тармагындагы башка ысымдагы кыздын профилин көрсөткөн жана ал Казакстанда жашаары белгилүү болгон. Анын профилинде жеке маалыматтар көп жана андагы сүрөттөр Кайнаровага караганда бир нече жыл мурда жарыяланган.

Башка мисал — фейсбуктагы Гүлнара Абылбекова аттуу колдонуучу 6-июнда жанданган жана анын постторунун бардыгы «Бешинчи каналдын» сюжеттерине жана «Азаттыктын» журналисттеринин ишин сынга алууга арналган. Googleдагы издөө Абылбекованын сүрөтү 2014-жылы башка ысым менен казакстандык кыздын барагында жарыяланганын көрсөткөн.

Бул талдоонун жыйынтыгы менен Kaktus.media Матраимовдор үчүн троллдор командасы иштейт деген тыянак чыгарган.

«Бул аккаунттарга жазылган адамдардын саны аз, болжол менен 200-300, бирок жазылган адамдардын арасында журналисттер жана жарандык активисттер бар», — деп жазган басылма.