«Эң биринчи досум Сооронбай Жээнбеков болчу»: Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча комментарий берди

Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы үйүндө. 27-июнь. Сүрөт: Гульжан Турдубаева / RFE / RL

Алмазбек Атамбаев 27-июнь күнү кечинде өзүнүн тарапташтарына жана журналисттерге чыгып, суроолорго жооп берди. Анын президент Сооронбай Жээнбековго болгон мамилеси тууралуу журналисттердин биринин суроосуна жооп берип жатып, анын легитимдүүлүгүн тааныбай турганын билдирди.

«Мен аны мурун эле айткам, тааныбайм деп. Анткени легитимдүүлүгүндө чоң бир маселе бар да», — деп келтирет Атамбаевдин айткандарын «Азаттык».

Атамбаевге Сооронбай Жээнбеков анын кишиси экенин эстеткенде ал адамдар деген адашат экен деп жооп берди.

«Пайгамбардын сөзү бар: “Мен да адаммын — адашам”. Мен пайгамбар эмесмин да. Менин тегеримдеги досторумдарды карабайсыңарбы. Эң биринчи досум Сооронбай Жээнбеков болчу, экинчиси — Иса Өмүркулов. Мен адамдардын ишин көрө албайт экенмин да», — деди ал.

Атамбаев тергөөчүлөрдүн чакыруусу боюнча барбасын жана алардын суроолоруна кат түрүндө гана жооп берип тураарын кошумчалады.

«Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе жооп беребиз. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да», — деп келтирет Атамбаевдин айткандарын «Азаттык».

Ал өз кол тийбестиги алынган парламенттин жыйынын көрбөгөнүн кошумчалап, оппозиционерлер менен биригишүүгө даяр экенин айтты.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу

Парламент 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги менен экс-президент деген макамын алуу үчүн добуш берген. Бул үчүн 103 депутат добуш берип, алтоосу каршы болушкан. Атамбаевдин өзү парламентке келген жок, бирок тарапкерлери аны чакыруу керек деп талап кылышкан.

Ошентип парламентарийлер башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айыптоочу корутундусун колдоп беришти. Буга чейин ал корутундуну депутаттык комиссия даярдаган. Башкы прокуратура Атамбаев президент болуп турган кезинде жасаган беш кылмыштын белгилерин тапкан.

Негизинен Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция, жерлерди мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукавдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБге мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө байланышы бар болушу жана компанияларды аффилирлөө менен ээлеп алуу боюнча айыпташууда.

Атамбаев дарегине тагылган айыптарды «былжырак жана айың кеп» деп атаган. Экс-президент мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» деп кошумчалаган.

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевден экс-президент жана кол тийбестик макамын алуу боюнча парламенттин аракеттерине бир да жолу коомчулукка комментарий берген эмес.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алуунун шартында экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнүн жанына эл чогулуп, аны коргоого даяр турушканын айтышкан. Атамбаевдин хан сарайынын жанына бетон тосмолору орнотулуп, таштар төгүлгөн.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.

ТЕМА БОЮНЧА: