Парламент Атамбаевди экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыратты

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июнда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алууну жана кол тийбестиктен ажыратууну колдошту. Аталган чечимге 103 депутат макулдугун берип, алтоо каршы добуш берди.

Экс-президент депутаттар аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу маселени чечип жатышканда парламентте болгон жок. Бирок парламентте Атамбаевди чакыруу керектигин анын үзөңгүлөшү жана КСДПнын учурдагы төрайымы Асел Кодуранова бир нече жолу айткан.

Парламентарийлер Башкы прокуратуранын корутундусун колдоп беришти. Көзөмөл орган 25-июнда Атамбаев өлкө башчысынын милдеттерин аткарып турган убакытта кылмыштын белгилерин аныктаган.

Эми Кыргызстанда экс-президент макамын алып жүргөн бир гана Роза Отунбаева калды. Ал өлкөнү 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин башкарган. Отунбаева 2011-жылга чейин президент болгон.

Негизинен Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция, жерлерди мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукавдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБге мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө байланышы бар болушу жана компанияларды аффилирлөө менен ээлеп алуу боюнча айыпташууда.

Юрист Замир Жоошев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, депутаттар чечим кабыл алуу менен конституциянын нормасын бузушкан, ал боюнча анын жоболоруна карама-каршы келген мыйзамдар колдонулбашы керек.

«Эгер сотто кылмыш ишин кароо учурунда конституциялык палатага сурам жонөтүлгөн болсо, анда сот териштирүүсү токтотулат. Парламент конституциялык палата, аталган процедура конституцияга жаткан нормабы же жокпу деген чечимди чыгарганга чейин [Атамбаевди кол тийбестиктен ажаратууну] токтото турганы туурараак болмок», — деди Жоошев.

Анын айтымында, эгер конституциялык палата Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу норманы конституциялык эмес деп тааныса, анда парламенттин бардык иштери курулай болуп калат.

Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу эгер ушул кылмыштар боюнча анын күнөөсү далилденсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн дегенди билдирет.

«Былжырак жана айың кеп»

Атамбаев дарегине тагылган айыптарды «былжырак жана айың кеп» деп атаган. Экс-президент мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» деп кошумчалаган.

«Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк–кландык режимин да шыпырып кетери анык», — деп жазган экс-президент өзүнүн журналисттерге карата акыркы ачык кайрылуусунда.

Атамбаевдин КСДПдагы тарапташтары да экс-президенттин дарегине айтылган күнөөлөрдү мыйзамсыз дешип, ал Кыргызстандан эч кайда кетпешин билдиришкен.

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевден экс-президент жана кол тийбестик макамын алуу боюнча парламенттин аракеттерине бир да жолу коомчулукка комментарий берген эмес.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алуунун шартында экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнүн жанына эл чогулуп, аны коргоого даяр турушканын айтышкан. Атамбаевдин хан сарайынын жанына бетон тосмолору орнотулуп, таштар төгүлгөн.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.