Боомдогу граффити өчүрүлгөндөн кийин милиция текшерүүнү баштады

Граффитини боёп жатышкан учур. Сүрөт: Мирлан Атакозу-теги

ЖМКлар Боом капчыгайындагы граффитинин жок кылынганы боюнча жазып чыгышкандан кийин Ысык-Көл облустук милициясы текшерүү ишин баштады.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Азаттыкка» билдиргендей, сүрөттүн авторлорунан жана башка жарандардан арыз түшө элек.

Кыргызстандык Мирлан Атакозу-тегин 28-июнда фейсбукка пост жарыялап, анда ал жана дагы беш адам Боом капчыгайындагы граффитини толугу менен боёп салышкандыгын жазган.

Анын айтымында, алар дубалдын баарын көк түскө боёп чыгуу үчүн 20 000 сом коротушкан.

Боом капчыгайындагы сүрөт «Бир Бол» партиясынын буйрутмасы менен 2015-жылы пайда болгон.

Ошондо партияны катуу сынга алгандар да, аларды мактагандар да болгон. Сүрөткө нааразы болушкандар граффитини жок кылуу аракеттерин көрүшкөн, бирок алар дубалдын бир бөлүгүн гана боёшкон.

Сүрөттөрдү жок кылууну демилгелегендердин бири Мирбек Асаналиев граффитини «кыргыздар үчүн кемсинтүүчү» деп атаган. Анын ою боюнча, граффити улуттук кыргыз маданиятына туура келбейт.

DOXA art groupтогу Сергей Келлер аттуу сүрөтчү бул стрит-арттын авторунун бири болгон. Анын ою боюнча адамдар граффитини туура эмес түшүнүп алышкан.

DOXA art group — бул Кыргызстандын шаарларында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эсте каларлык көптөгөн граффити сүрөттөрдү тартышкан сүрөтчүлөр. Алардын эң эле белгилүү жумуштарынын арасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, актёр Сүймөнкул Чокмородун, космонавт Юрий Гагариндин портреттери, Швейцариядагы кыргыз кызынын портрети жана курман болгон Бурулай Турдалы кызынын урматына арналган стрит-арты бар. 2017-жылы «көк киттин» айланасында болгон ызы-чуунун шартында сүрөтчүлөрдүн Бишкектин борборундагы бир сүрөтү жок кылынган.