Бишкектен Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо пайда болгон граффити кыргызстандыктардын арасында кызуу талкуу жаратууда. «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын активисттери граффитини «кемсинтүүчү» деп аташып, аны өчүрүү чечимине келишти.

Активист Нурбек Укубаев менен анын пикирлештери түз радио- жана видео-эфирде маек курушту.

Укубаевдин айтымында, «DOXA» арт-тобу Боом капчыгайына стрит-арт түшүрүүнү эч ким менен макулдашкан эмес.

Активист аталган граффитилер өчүрүлгөндөн кийин алар «DOXAнын» сүрөтчүлөрү менен биргеликте сүрөттүн «жаңы дизайнын ойлоп табышып», аны мурункуларынын ордуна түшүрө ала тургандыктарын айтты.

Контекст:

Балбал таштар менен илбирсти элестетип көрсөткөн граффити сүрөттөр жолдон өткөн автоунааларды таштардын кулашынан сактап турган тосмолордун бетинде 26-июнда пайда болгон.

Сүрөттөр Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жырткыч эсептелген илбирсттерди коргоо чакырыктары менен коштолгон.

Анда түшүнүлгөн граффити кыргызстандыктардын арасында талаш-тартыштарды жараткан — кээ бирлери аны «кемсинтүүчү» деп аташса, башкалары «кооз» экенин айтышкан. Бир айдан соң Укубаев менен анын пикирдештери граффитини өчүргөнү жаткандыктарын билдиришти.