Финпол Кыргызстандан 600 млн $ ашык акча чыгарылганын таанып, бирок Матраимовдордун фондуна 2 млн $ которулгандыгын ырастаган жок

Контекст: «Азаттык» басылмасы Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылышы жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ыктымал тиешеси тууралуу иликтөө жарыялаган. Матраимовдор Кыргызстандагы эң бай жана таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат.

Иликтөөдө 250 млн доллар акчанын чыгарылып кетишин ырастаган документтер редакцияда бар деп айтылган. Иликтөөгө ылайык, акчалардын чыгарылышына Айэркен Саймаити аттуу ишкер жана анын жубайы Вуфули Бумаилиамуму тиешелүү. Мындан тышкары, иликтөөнүн автору Али Токтакунов билдиргендей, Саймаити жана анын аялы Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна 2,3 млн долларга чукул акча которгон.

Матраимовдордун фондунун ишмердигин иликтөө

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финпол) басма сөз кызматы 9-июлда «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылышы тууралуу иликтөөсүнүн маалыматтары боюнча текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

Финпол «Исмаил ата» кайрымдуулук фондунун ишмердиги тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарды. Бул фонд Матраимовдорго таандык жана алар тарабынан башкарылат.

Ведомствонун билдирүүсүндө «фонд кайрымдуулук менен алектенет, ошол эле учурда кандайдыр бир экономикалык ишмердик кылбайт» деп айтылат. Фонддун банктардын биринде эсеби бар жана ага каражаттар ыктыярдуу түрдө салынып турат.

Финполдун маалыматына ылайык, Стамбул, Москва, БАЭ жана Өзбекстандагы белгисиз адамдардан фонддун эсебине 2014-2019-жылдар аралыгында 1,43 млн доллар келип түшкөн. Анын үстүнө эң чоң акча которуу Өзбекстандан аткарылган — дээрлик 500 миң доллар.

Мындан тышкары, фонддун эсебине 221 миң сом да которулган.

Ошентип ведомство Кыргызстандан чыгарылган акчалардан Матраимовдордун фондуна 2,3 млн доллар түшкөн деген «Азаттыктын» тыянагын ырастаган жок. Буга чейин депутат Искендер Матраимов «Исмаил ата» фондуна 199 миң доллар которулган деп билдирген. Финпол дагы мындай акча которуу болгонун ырастап, аны «W.B.» аттуу адам жөнөткөнүн жарыялаган. Бул акча Стамбулдан которулган.

Финполдун эсептериндеги ката

Ведомствонун тергөөчүлөрү Айэркен Саймаитинин Кыргызстандын 11 банкындагы эсептерин аныктаган.

Финполдун биринчи версиясы боюнча, Саймаити 2010-2019-жылдар аралыгында бул банктардагы эсептерине 519,5 млн доллар салган. Андан кийин тергөөчүлөр бул суммага өзүнчө которулган сомдорду, рублдарды жана евролорду кошушкан. Жыйынтыгында чет өлкөлөргө которулган каражаттардын жалпы суммасы 646,8 млн долларды түзгөн. Бул акчалардын баарын Айэркен Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиамуму которгон.

Пресс релиздин алгачкы текстинин скриншоту

«Клооптун» редакциясы финполдун билдирүүсүндө айтылган бардык сандарды эсептеп чыгып, 118 млн долларга айырма болгонун аныктаган.

Финполдон муну «Excelдеги көйгөйлөр» менен түшүндүрүшкөн. Пресс релиз жарыялангандан бир нече саат өткөндөн кийин ведомство алгачкы маалыматтарга түзөтүүлөрдү киргизип, төгүмдөрдүн суммасын 637,8 млн кылып өзгөрткөн. Бирок, жалпы суммага доллардан башка валютадагы которуулар кирген эмес — 646,8 млн доллар.

Мындан улам «Клооптун» редакциясы эсептөөлөрдү жүргүзүп, которулган каражаттардын жалпы суммасы боюнча да ката кетирилген деп эсептейт. Каржы полициясынан жаңыртылган маалыматтарды кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Финпол Токтакуновдон документтерди кайрадан талап кылды

Ведомство билдиргендей, журналистке бир нече жолу талап коюлганына карабастан,ал документтердин негизги пакетин тергөөгө дагы деле бере элек.

«Бүгүнкү күнгө карата, тергөө тарабынан Али Токтакуновдон жалпы суммасы 22,7 млн долларды түзгөн банктык документтер алынды», — деп айтылат финполдун билдирүүсүндө.

Буга чейин ведомство Токтакунов тергөөчүлөргө документтерди бербей жаткандыктан, «Азаттыкты» тергөөнү созуп жаткандыгына айыптаган.

Июнь айында иликтөөнүн маалыматтарын текшерип жаткан дагы бир ведомство — Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы да Саймаити чын эле өлкөдөн 700 млн долларга чукул акча чыгарып кеткенин ырастаган.

Авторлошу: Савия Хасанова