Атамбаев ИИМге кайрадан суракка чакырылып, бирок ага да келген жок

Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таш айылындагы үйүндө. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE / RL

Маалымат саат 14:50дө жаңыртылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 10-июлда ИИМге кайрадан суракка чакырылды. Чакыруу кагазын анын Кой-Таш айылындагы үйүнө жөнөтүшкөн. Атамбаев ИИМге 11-июлда келиши керек болчу.

Бирок ал суракка келген жок. КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, аталган маселе боюнча Атамбаевдин позициясы ошол бойдон. Анын айтымында, чакыруу кагазында мурдагы президентти кайсы кылмыш иши боюнча суракка чагырышканы айтылган эмес.

«Жок дегенде өлкөдөгү бир киши мыйзамсыздыкка кантип туруштук бериш керектигин көрсөтүш керек. Мындай башаламандыкты кимдир бирөө токтотушу керек», — деп билдирди мурдагы президент журналисттер менен жолугушуу учурунда.

Атамбаев аны «күч колдонуп» кармашы мүмкүн деп кошумчалады.

Атамбаевге суракка келүү талабы менен биринчи чакыруу кагазы 8-июлда жеткирилген. Анда мурдагы президент суракка барбай турганын билдирип, тергөөгө анын юристи Сергей Слесарёвго кайрылууну сунуштаган. Слесарёв болсо Атамбаевдин суракка келбешинин себебин милициянын чакыруу кагазы «мыйзамсыз» болгон деп түшүндүргөн.

Мурдагы президентти парламент аны кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыраткандан кийин суракка алууну чечишкен. Депутаттар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна, жерлерге мыйзамсыз ээлик кылууга жана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө айыпташкан.