«Кыргыз почтасынын» башчысынын орун басары Абылгазиевдин тууганы экени белгилүү болду

Мамлекеттик «Кыргыз почтасы» ишканасынын башчысы Урматбек Жакыпбеков 11-июлда басма сөз жыйында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен тууганчылык байланышы бар экенин билдирди.

Жакыпбеков буга чейин бул тема боюнча комментарий берүүдөн баш тартып келген. Бирок басма сөз жыйында ал журналисттин суроосуна жооп берди.

«Премьер-министрдин иниси менин кайнатам», — деди Жакыпбеков.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев басма сөз жыйында айтылган маалыматты «Клоопко» ырастап берди.

«Урматбек Жакыпбеков премьер-миинстрдин иниси Азиз Абылгазиевдин күйөө баласы. Бирок Жакыпбеков ээлеген кызмат премьер-министрдин номенклатурасы эмес, чечимди ММБФ кабыл алат», — деди Султаналиев.

Азиз Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Баңгизатты жүгүртүүнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчылык кызматын ээлейт.

Абылгазиевдин тууганчылык байланыштары жөнүндө жаңы «КТ Мобайл» операторуна байланыштуу жаңжалдан кийин айтып башташкан. Компаниянын дирекциясын 300 миң сомдон ашык маяна алууга айыпташкан.

Ошондо «КТ Мобайлдын» башчысынын орун басары Эрназар Рысалиев экени белгилүү болгон. Анын атасы Иманкадыр Рысалиев Абылгазиевге бажа болот. Ал убакта Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөт» катчылыгын жетектеп турган. Териштирүүнүн шартында экөө тең өз кызматтарынан кеткен.

Абылгазиев өзү Эрназар Рысалиевдин «КТ Мобайлдын» башчысынын орун басарлык кызматына дайындалышына тиешелүү эмес экенин айтып, эгер анын дайындалышына тиешеси бар экендиги далилденсе моралдык жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

Бул боюнча текшерүү иштерин өткөргөн депутаттык комиссия Абылгазиев тийиштүү көзөмөл иштерин жасаган эмес, андыктан анын тууганы маморгандардын ишине кийлигише алган деген токтом чыгарган. Депутаттар өкмөт башчысы моралдык жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдиришип, бирок бул эмнени түшүндүрөөрүн такташкан эмес.

«КТ Мобайлга» байланыштуу чуудан кийин өкмөттүн басма сөз кызматы Абылгазиевдин туугандары кайсы жерде иштээри жазылган тизмени ачыктаган. Ал тизмеде Абылгазиевдин кенже кызы Кыргызстандын ЖОЖдорунун биринде окуйт деп жазылган. Бирок журналисттер ал АКШда окуй тургандыгын аныкташкан. Ошондо өкмөттүн басма сөз кызматы «так эместиктер кетирилген» деп билдирген.