Өкмөт башчысынын кенже кызы АКШда окуйт. Мурдараак өкмөт ал кыргыз ЖОЖунун студенти деп айткан

Өкмөттүн басма сөз кызматынан Мухаммедкалый Абылгазиевдин кенже кызы Саадат Дүйшөкееванын окуган жери тууралуу маалыматта «так эместиктер кетирилгенин» билдиришти.

«Саадат чыгармачылык ишке жакын болгондуктан, Бишкек гуманитардык университетинин Европа цивилизациясы факультетин ийгиликтүү аяктап, ал ушул жылдын башынан тарта америкалык коллежге тапшырган. Тандаган адистиги “санариптик медиа искусство”. Ал анимацияга кызыгат», — деп билдиришти өкмөттөн.

Өкмөттөн премьер-министр ачык-айкын жумуш үчүн чыгып жатканын билдиришип, бирок бул нерседен өкмөт башчысынын «жакындары менен балдарына» кыянаттык кылбоого чакырышты.

«Алардын жеке жашоого болгон кол тийбестик угугу тууралуу унутпоо керек. Биз мындан ары да коомчулукту кызыктырган маалыматтарды берүүгө даярбыз, бирок ошол эле учурда анын мамлекеттик ишмердигине тийиштүү маселелерге көңүл буруу туура деп эсептейбиз», — деп билдиришти өкмөттөн.

Мурдараак кыргыз ЖМКлары Дүйшөкеева Американын Diablo Valley коллежинде окуйт деп маалымдашкан. Журналисттер анын фейсбуктагы жеке барагынан аталган колледждин студенттери менен бирге түшкөн сүрөттөрүн табышкан, бирок өкмөттөн Дүйшөкеева Бишкектеги «Ала-Тоо» университетинде окуйт деп айтып жатышкан.

Саадат Дүйшөкееванын баракчасынан алынган скриншот. Сүрөт: 24.kg

Материал жарык көрөөр алдында Саадат Дүйшөкееванын фейсбуктагы барагы жоголуп кеткен болуп чыкты.

Студенттерди чет өлкөгө окууга жөнөтүүчү компаниялардын маалыматтарына ылайык, Diablo Valley коллежинде окуунун бир жылдык баасы 23,5 миң долларга чукул акчаны түзөт. Бирок Абылгазиевдин расмий кирешелери жылына 34,4 миң долларга жакын каражатты түзөт.

Абылгазиевдин туугандарынын айланасындагы ызы-чуу

Бул ЖМКларда Абылгазиевдин туугандары аталып жаткан биринчи эле учур эмес — 19-майда премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы жаңжалдан кийин «Ачык өкмөттүн» төрагалык кызматынан кеткен.

«КТ Мобайл» — өзүнчө байланыш оператору болгусу келип, бул үчүн башка мамлекеттик «Мегаком» ишканасы менен бириккен «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун туунду ишканасы.

Май айында коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилиги 300 миң сомдон ашуун маяна алат деген маалымат пайда болгон. Компаниянын башчысынын орун басары Рысалиевдин уулу Эрназар болгон.

Компания тагылган айыптарды «жалган» деп атаган, бирок ошол эле учурда фирманын бардык жетекчилери өз кызматтарынан бошоп кетишкен.

Ошондой эле ЖМКлар отставкага кеткен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев Абылгазиевдин аялынын тууганы экенин жазышууда. Бирок өкмөттөн бул маалыматты тастыкташкан да, төгүндөшкөн да жок.