Эгер Абылгазиев мамкызматта туугандарына жардам бергени далилденсе, ал моралдык жоопкерчилик тартууга даяр

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

«Эгер чын болсо, мисалы үчүн мен премьер-министр катары бажам менен иштейсиңер, баласын ошол жерге кызматка аласыңар деген бирөөнүн сөзү болсо, анда мен моралдык жактан жоопкерчилик тартайын», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында.

Бул анын Абылгазиев «КТ Мобайл» мамкомпаниясында чыккан ызы-чуудан улам өкмөт башчылык кызматта отурууга моралдык укугу жок деп эсептешкен айрым депутаттардын билдирүүлөрүнө жообу болуп калды.

Май айында Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар Рысалиев «КТ Мобайлдын» жетекчисинин орун басары болуп иштегени белгилүү болгон. Андан тышкары, коомдук тармактарда мамкомпаниянын жетекчилигинин айлыгы 300 миң сомду түзгөн деп айтылган маалымат тарап кеткен.

Анда Эрназар Рысалиев «КТ Мобайлдын» директорунун орун басарлык кызматынан, ал эми анын атасы Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөттүн» трагалык кызматан кеткен.

Ошондой эле, бул чуунун айынан Абылгазиев өз аппаратынын жетекчиси менен анын орун басарын кызматтан бошоткон, ал эми көп узабай эле Мамбайланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев да отставкага кеткен.