Райымбек Матраимовдун Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуусунан алынган скриншот.

Factcheck.kg басылмасы 16-июлда Матраимовдордун үй-бүлөсүн колдогон посттор менен комментарийлерди жазып калтырышкан аккаунттар боюнча жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Социалдык тармактардагы профилдерди изилдөөгө журналист Элнура Алканованын иликтөөсү себеп болгон. Ал өзүнүн иликтөөсүндө «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылышы жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн делген материалындагы кээ бир маалыматтардын анык экендигинде күмөн жараткан.

Журналисттер эмнелерди изилдешкен?

Аккаунттарды изилдөө үчүн негизги социалдык тармак — фейсбук болгон. Иликтөөнүн авторлору жүз аккаунтту иликтешкен. Журналисттер аккаунттун катталган датасына көңүл бурушуп, сүрөттөрдү, баракчадагы контентти жана Матраимовдорго тиешеси жок жарыялардын бар-жогуна көңүл бурушкан.

Авторлордун айтымында, Матраимовдорду колдогон аккаунттардын көпчүлүгү 2019-жылдын 1-майынан кийин катталышкан.

«Өзүнчө критейрий — бул профилдик сүрөт. Фейк аккаунттардын көпчүлүгү жаныбарлар, балдар, жаратылыш же өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн колдонушат — 48% ушундай. Башка бирөөлөрдүн сүрөтүн профилдердин 30% колдонот. 11 пайызында адамдардын чыныгы сүрөттөрү коюлган, бирок сүрөттө профилдин ээси өзү тартылып-тартылбаганын аныктоо мүмкүн эмес. Профилдердин дагы 5% сүрөттөрү жок», — деп айтылат материалда.

Эмне үчүн Матраимовдор коомчулукта талкууланып жатат?

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар иликтөөсүнөн кийин гана коомдун көңүл чордонунда болгон жок. Буга чейин Матраимовдорду алар уюштурган спорттук турнирге чоң мансаптагы аткаминерлер барган сүрөттүн айынан талкуулашкан.

Анда Матраимовдордун атасынын урматына арналган турнирге парламенттин спикери Дастан Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана дагы ондогон депутаттар келишкен. Жумабеков кийинчерээк, коомчулуктун сын-пикирне жооп берип жатып, Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын элине кызмат кылат деп айткан.

Финпол Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн беш айдан ашуун убакыттан бери текшерүүдө. Депутат Искендер Матраимов журналисттерге түшүндүрүп бергендей, тергөөчүлөр анын иниси Райымбектин эле эмес, Матраимовдордун бүт үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлктөрүн текшерип жатканы үчүн текшерүү созулуп жатат.

Белгисиз адамдар «Уурда» сөзү жазылган Райымбек Матраимовдун портрети түшүрүлгөн трафареттерди финполдун имаратына тартып кетишкен. Бирок ведомстводон муну «майда бейбаштык» деп аташып, сүрөттөрдү имараттын дубалынан өчүрүп салышкан.