Финпол бүткүл үй-бүлөнүн мүлкүн текшерип жатат — депутат Искендер Матраимов

Искендер Матраимов. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов үй-бүлөсүнүн мүлкүнүн созулуп кеткен текшерүү процессине комментарий берди. Финполиция текшерүү ишин президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча январда эле баштаган.

«Биз Матраимовдор, билсеңер, көппүз. Азыркы учурда бардык мүлктөрүбүздү текшерип жатышат. Менин да мүлкүмдү текшеришүүдө», — деп айтып берген депутат «Азыркы учур» басылмасына курган маегинде.

Ал кошумчалагандай, созулуп жаткан текшерүү өзүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү көп болгондугуна байланыштуу эмес.

«Жок. Билесиңерби? Алардын балким кандайдыр бир сырлары бар болушу керек. Алар текшерип жатышат. Эмне сөзсүз эле мүлк көп болушу керекпи? Текшеришүүдө. Жакында бүтүшөт», — деп ишендирди Матраимов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финполго Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү бир нече жолу тапшырган. Бирок, буга карабастан каржы полициясы тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бербей келет.

Акыркы бир нече апта ичинде Матраимовдордун үй-бүлөсү бир нече жолу коомдук талкуунун чордонуна кабылган. Бул «Азаттыктын» журналисттеринин иликтөөсүнө байланыштуу болгон. Иликтөөдө Матраимовдордун Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Искендер Матраимов алардын жүйөөлөрүн төгүнгө чыгарып, иликтөөнү «буйрутма» деп атаган. Ал кошумчалагандай, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрү менен үй-бүлөнүн айланасындагы кырдаал «саясий мүнөздө болуп калган жана аларды каралоого аракет кылып жатышат».

Анын мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон иниси Райымбек Матраимов да Атамбаевге кайрылып, андан үй-бүлөсүн каралоону токтотууга чакырган. Мунун бардыгы Атамбаевдин жана анын мураскери президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда созулуп кеткен араздашуунун шартында болууда.