«Майда бейбаштык». Финпол имаратынын дубалынан Матраимовдун портреттерин эмне үчүн өчүрүп салганын түшүндүрүп берди

Финполициядан Kaktus.Media басылмасына Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун портреттерин имараттын дубалдарынан өчүрүп салышканын айтып беришти. Атайын кызматтан имараттын дубалдарына портреттерди тартууну «майда бейбаштык» деп аташты.

«Имаратта ушул сүрөттөр табылган. Балким адамдар мындай жол менен өз позицияларын билдирип жатышат. Муну майда бейбаштык деп атап койсо болот. Сүрөттөрдү өчүрүп салдык», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Бишкектеги финполдун имаратына тартылган Матраимовдун портреттерин 7-июлда табышкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин сүрөттөр өчүп кеткен.

Райымбек Матраимовго каршы кампания социалдык тармактарда июнь айында башталган. Активисттер Матраимовдун портрети тартылган трафареттерди жасашып, аны футболкаларга түшүрүшкөн. Мындан тышкары, Бишкектин имараттарында «Уурда» жазуусу бар Матраимовдун портреттери пайда болгон.

Акыркысын Бишкек мэриясы «вандализм» деп атап, портреттерди муниципалитеттин кызматкерлери тазалайт деп маалымдашкан. Ошондой эле мэриядан шаар администрациясы эки тарапты тең — Матраимовду да, активисттерди да колдобой турушкандыгын билдиришкен.