Кой-Таштагы «Элдик штабдын» мүчөслөрү. Kloop.kg үчүн Эржан Бейшеналиевдин сүрөтү

КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 19-июлга караган түнү укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «күч менен кармоого» даярданып жатышканын кабарлаган. Жолдубаеванын маалыматы боюнча, мурдагы президент 19-июлдун экинчи жарымында кармалышы керек эле.

Аталган билдирүү ИИМден Атамбаевге тергөөчүлөрдүн сурагына келүүнү талап кылган үчүнчү чакыруу кагазы келгенден бир нече саат өткөндөн кийин жарыяланган. Мурдагы президент суракка кайрадан келген эмес.

Атамбаевдин тарапташтарынан түзүлгөн «Элдик штабдын» башчысы Кыяз Смалиев «Клооптун» кабарчыларына «күч менен кармоо» тууралуу маалымат аларга 18-июлда келгенин жана алар «мыйзамсыздыкка акырына чейин каршылык көрсөтүшөөрүн» билдирген. Анын айтымында, «Элдик штабдын» аракеттерине Атамбаев да, КСДП да таасир этпейт.

19-июльдун экинчи жарымында мурдагы президенттин эң жакын тарапташтарынын бири Фарид Ниязов ИИМ чын эле Атамбаевди кармоону пландап жатканын, бирок кандайдыр бир себептер менен милиция акыркы учурда бул идеядан баш тартканын билдирген.

«Алардын ойлорунда эмне бар экенин ИИМден сурагыла. Алар укуктук талаага кайтып келишсин, бийлик укуктук талаага кайтсын, андан кийин анан Атамбаев менен сүйлөшсө болот [...] ИИМ азыр муну четке кагууда, кудай буйруп, эч нерсе болбой эле койсун», — деди Ниязов.

Анын божомолдоосу боюнча, маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тарап кеткендиктен, ИИМ мурдагы президентти кармоодон баш тарткан. «Мындай учурда күч аракеттерине биринчи барган тарап утулат. Штабдын мүчөлөрү мыйзам жеткиликтүү кылган бардык каражаттар менен Алмазбек Атамбаевди коргоого даяр», — деди Атамбаевдин тарапташы.

Ниязовдун айтымында, укук коргоо органдарынын ыктымал аракеттеринен Атамбаевди коргоо үчүн Кой-Таштагы резиденциянын алдында «Элдик штабдын» өкүлдөрү кезметте турушат.

Ички иштер министрлиги алгач мурдагы президентти күч менен кармоо ыктымалдыгы тууралуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тартып жаткан. Бир нече саат өткөндөн кийин ведомство Жолдубаеванын сөздөрүн төгүндөп, «жалган маалымат» деп атаган.

Парламент Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечимден кийин мурдагы президент ИИМге суракка чакырыла баштаган.

Депутаттар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна, жерлерге мыйзамсыз ээлик кылууга жана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө айыпташкан.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.