«Күч менен кармоого буйрук берилген». Атамбаев ИИМге суракка үчүнчү жолу келген жок

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE / RL

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ИИМдин сурагына үчүнчү жолу келген жок. Сурак 19-июлга белгиленген эле. 

Мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, Атамбаевдин кол тийбестиги дагы деле бар, ошондуктан милиция аны суракка чакырууга укугу жок.

18-июль күнү кечинде Атамбаевдин кеңешчиси жана КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева ишенимдүү булактарына таянып мурдагы президентти «күч менен кармоого буйрук берилгени» тууралуу кабарлаган.

Из достоверных источников стало известно - дана команда на силовой захват экс-президента Алмазбека Атамбаева. Операцию...

Posted by Kunduz Zholdubaeva on Thursday, July 18, 2019

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Жолдубаеванын билдирүүсү боюнча «Клооптун» журналистине комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Спутник» басылмасы ИИМдин басма сөз кызматына таянып Жолдубаеванын маалыматы — жалган болгонун жазган.

Парламент Атамбаевди экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен жоопкерчиликке тартуу үчүн ажыраткан. Бул чечимден кийин мурдагы президент ИИМге суракка чакырыла баштаган.

Депутаттар Атамбаевдикримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна, жерлерге мыйзамсыз ээлик кылууга жана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө айыпташкан. Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат.