Атамбав Орусияга «бир нече күнгө» барып келүүнү пландап жатат

Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта. Сүрөт: «АКИпресс»

19-июлда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга «бир нече күнгө» бараарын билдирди.

«Мени чакырып жаткан адамдар мунун баарын нормалдуу кылууга аракет кылышаарын билем. Бирок баары бир өзүңө, кудайга, чыныгы досторго ишениш керек да, бирок баарына даяр болуш керек», — деди Атамбаев.

Буга чейин мурдагы президент Орусияда Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов менен жолугушууга камынып жатканы тууралуу маалымат ЖМКларда пайда болгон.

Атамбаев билдиргендей, ал Кыргызстандан учуп кеткичекти күч колдонуу менен кармалып калышын эсептен чыгарбайт.

«Бийлик укуктук талаадан чыккандан кийин баары мүмкүн экенин көрүп жатабыз. Атамбаевдик режим тууралуу айтып жатышканда Бакиевдин убагын эстегиле. Атамбаевдин убагында жаманбы же жардыбы демократия бар болчу. Журналисттердин эч кимисин өлтүрүшкөн эмес, эч ким терезеден ары ыргыткан эмес», — деп келтирет Атамбаевдин айткандарын 24.kg маалымат агенттиги.

Мурдагы президенттин айтымында, ал өкмөт башчысынын кызматынан кетип жатканда өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбековго «гүлдөп жаткан өлкөнү» өткөрүп берген.

«Аны Жээнбековдордун жана Матраимовдордун дүкөнчөсүнө айландырууга аракеттенип жатышкандарын карап тура албайм. Мунун баарын карап туруу кыйын — абдан көп кан төгүлгөн эле. Жээнбековго канчалык гүлдөп жаткан өлкөнү бергеним эсиңердеби?! Бардык укуктук институттар жана экономика гүлдөп жаткан. Эми азыр кандайды алып отурабыз?» — деп билдирди Атамбаев.

Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева 18-июль күнү кечинде бийликтин Атамбаевди күч менен кармоо даярдыгы тууралуу кабарлаган. Анын маалыматы боюнча, муну күч органдарынын «бир жарым миң» кызматкери ишке ашырмак.

Бирок ИИМ анын айткандарын жана мурдагы президенттин ал айткан күнү кармалышын жалган маалымат деп атаган.

Жолдубаеванын билдирүүсү Атамбаев ИИМдин үчүнчү жолу суракка чакыруусун этибарга албаганынын шартында пайда болгон. Анын адвокаттары суракка чакырууларды мыйзамсыз деп аташкан.

Парламент Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечимден кийин мурдагы президент ИИМге суракка чакырыла баштаган.

Депутаттар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна, жерлерге мыйзамсыз ээлик кылууга жана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө айыпташкан. Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат.