Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечиси «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева болгон. Мыйзам долбоорунун үстүндө аны менен кошо фракциядагы башка кесиптештери иштеп жатканын «Клоопко» курган маегинде билдирди. Мыйзам долбоору коомдук талкууга сентябрда чыгарылат.
Эгер парламенттин депутаттары мыйзамды кабыл алышса, анда өлкөдө ар бир бак каттоого алынат. Депутат бул чаралар дарактардын жапырт кыйылышына каршы күрөшүүдө жардам берет деп ишенет.
«Каттоого алынбаса, анда бактарды кыюу үчүн эч нерсе каралбайт. Качан гана ар бир бак каттоодо турганда гана ар бир бак үчүн талап кылса болот», — деп түшүндүрдү Мамашева.
Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарында жашыл бак-дарактары коргоо жазылган эмес. «Жаңы жолдорду куруп жатышканда кантип гана бактарды кыйышкан жок?! Биз мыйзам долбоору аркылуу бул маселени чечели дедик», — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда усулдар да жазылат жана ал усулдар боюнча ар бир кыйылган бак үчүн компенсация аныкталат.
«Ар бир жаңы имараттын чектеш аймагынын 20% кем эмес жерине бак-дарактар отургузулушу керек деген түшүнүктү киргизип жатабыз. Мисалы, эгер “Азия Моллдун” аймагынын 20% [бак-дарактар] отургузулса, анда ал жакта гүл бакча болмок», — деди депутат.
Компенсацияны аныктоо боюнча усулдарды «Инициатива Арча» уюмундагы экоактивисттер иштеп чыгууда. Алардын маалыматы боюнча, ар бир кыйылган чоң бак үчүн шаарга компенсация төлөнөт — орточо эсеп менен 6,5 миң сом. Бул каражаттар шаардын андан аркы жашылдандыруусуна жумшалат.
Активисттердин айтымында, азыркы компенсация келтирилген чыгымды актабайт, анткени көчөт орточо эсеп менен 9,5 миң сом турат.
«Инициатива Арча» уюмунун эсеби боюнча, кыйылган бир чоң бактын ордун толтуруу үчүн 200дөн ашуун көчөт отургузуш керек.
Бишкектин тургундары шаардын жолдорун кеңейтүү жана куруу максатында бак-дарактарды жапырт кыйгандыгы үчүн бийликти бир нече жолу сынга алышкан. 2017-жылы 3 миңге чукул бак кыйылып, 10 миңден ашуун көчөт отургузулган.