«Кремль — башкы судья»: Эксперт Дубнов Атамбаев менен Путиндин Москвадагы ыктымал жолугушуусу тууралуу

Саясат таануучу Аркадий Дубнов

Орусиялык саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Фергана» басылмасына билдиргендей, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн учуп кетиши ыктымал.

«Ал орус президенти менен жолугушат деп ойлойм. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз коногуна учурдагы тирешүү алып келиши мүмкүн болгон туруксуздандыруу Кыргызстанда болбошу керектигин түшүндүрүшөт. Атамбаев ушул түшүнүк менен эле Бишкекке 25-июлда кайтат», — деди Дубнов.

Анын ою боюнча, Путинден Атамбаев менен жолугушуусун Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков өтүнүшү мүмкүн — Атамбаев үчүн орусиялык лидердин кадыр-баркы «талашсыз».

«Москванын кыргыздардын кезектеги ички жаңжалына кийлигишүүсү да муну ырастайт: жаманбы же жакшыбы, бирок Кремль гана башкы судья жана башкы саясий инстанция деп саналат жана бул инстанцияга кыргыз саясатчылары бири-бири менен келишүү үчүн кайрылышат», — деп айтты Дубнов.

Атамбаев Москвага 24-июлда учуп кеткен. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева аларды «эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар» күтүп турганын билдирген. Мурдагы президент Кыргызстанга 25-июлда кайтып келээрин айткан.

Бирок Атамбаев Орусияга кимге бара жатканын айткан эмес. Мурдараак ЖМКларда ал Орусияда Федералдык бажы кызматынын мурдагы башчысы Андрей Бельянинов менен жолугушаары туурасында маалымат тараган.

Мурдагы президент ИИМдин суракка чакырууларына баруудан үч жолу баш тарткан. Парламент аны экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткандан кийин ага суракка чакыруу кагаздары келе баштаган.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА: