Дизайнер Никита Тарасенко УКМКга суракка чакырылды

Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) сурагына 26-июлда саат 10:00го келиши керек. Ал «Клооптун» журналистине УКМКга чакырылгандыгынын себебин билбей турганын айтты. «Чакыруу кагазында мени күбө катары чакырып жатышкандыгы жазылып турат», — деп кошумчалады ал.

24.kgнин маалыматы боюнча, дизайнер атайын кызматтын сурагына «диндер аралык кастыкты козутуу» боюнча чакырылган.

Тарасенко мурдараак өзүнүн фейсбук баракчасына «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» жөнүндөгү коллаж жарыялаган — сүрөткө болжолдуу президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбеков тартылып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матаримовду жайгаштырган.

«“Оштуктар” жөнөкөй жарандарды бир катар карактоолорунан улам белгилүү болушкан. Тергөөчүлөрдүн ою боюнча, алардын эсебинде аз эле дегенде каракталган 700 млн доллар бар», — деп жазган Тарасенко.

Дизайнер коллажга парламенттин учурдагы спикери Дастан Жумабековду, парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибековду жана ошондой эле депутат Искендер Матраимов менен анын иниси Тилек Матраимовду кошкон.

«Мени акыркы постум үчүн чакырышты деп ойлобойм, бирок, балким ошол үчүн. [УКМКда] бир нерсе даярдап жатышат», — деди дизайнер.

Финпол 24-июлда маалымдагандай, Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялар 24 млн сомдук салыкты жашырышкан. Бул Матраимовдун мүлкүн жарым жылдан ашык убакытка созулган текшерүүсүнөн кийин белгилүү болгон.