NewTV телеканалындагы Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына арналган берүүдөн алынган кадр.

30-июлдагы берүүдө Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевди оң жагынан көрсөтүшүп, бул коомдук тармактардын колдоонучуларын кыжырданткан. Сюжет дароо эки телеканалда, NurTV жана NewTVде чыгып, Бакиевдин 70 жылдыгына арналган. Кыргызстанда мурдагы президенти 30 жылга абак жазасына сырттан кесилген.

Бакиев тууралуу сюжеттин NurTV жана NewTV телеканалдарынын эфиринде берилип жатканы тууралуу маалымат 30-июль күнү кечинде социалдык тармактарда пайда боло баштаган. Эки канал тең, болжолдуу качкын президенттин тараташтары менен байланыштуу.

Коомдук тармактардагы видеонун үзүндүлөрүнөн сюжет Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн үй-бүлөк жашоосу тууралуу айтып берет деген тыянак чыгарса болот. Мисалы, сюжеттин каармандарынын бири кулатылган президенттин баласы Максим Бакиевди Максим эмес, Манас деп атагылары келгенин айтат.

Сюжетти эфирден көргөн кыргызстандыктардын айтымында, берүүдө Бакиев «жакшы иштеген» жана Кыргызстанда аны «жакшы көрүп, урматташат» деп айтышып, аны оң жагынан көрсөтүшкөн.

Бакиев өзү 2010-жылы болгон апрель революциясынын натыйжасында Кыргызстандан качып кеткен. Ал төңкөрүштөн 80ден ашуун адам каза тапкан. Бийлик алмашкандан кийин мурдагы президентти 2010-жылдын 7-апрелиндеги ондогон митингчилердин өлүмү үчүн 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бакиевдер жөнүндө сюжетке УКМК да реакция билдирген. Атайын кызмат сюжеттин авторлору «өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт» деп эсептейт.

«УКМК жарыялардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет», — деп билдиришти мамкомитеттен.

Бирок, Медиа Полиси Институтунан бул учурда качкын президент тууралуу тасманын көрсөтүлүшүнө атайы кызмат эмес, журналисттер көңүл бурушу керек деп эсептешет.

«Тек гана журналисттер мында толук күчкө салып иштеп, иликтөө жүргүзүшү керек. Бул эле эмес, бул ЖМКлар кимдерге таандык экендиги боюнча темага материалдардын сериясын жарыялашы керек, анткени бул медиа сабаттуулуктун негизги маселелери: медиа каналдын артында ким турат, бул бизнеспи же саясатпы? Бул телеканалдар кандай баалуулуктарды алып жүрөт, алардын редсаясаты кандай, мындай тасманы көрүүчүлөргө көрсөтүүнүн максаты эмнеде?», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Эксперттерге да эмне үчүн УКМК ЖМКга, алардын мындай реакциясы үчүн эмне себеп болгонуна шилтеме бербестен эскертүү бергени түшүнүксүз.

NewTV: сюжетте «саясат жок»

NewTVнин кызматкерлеринин бири телеканал өзү бул сюжетти даярдабаганын, болгону аны эфиринде көрсөткөнүн «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, кызматкерлердин көпчүлүгү сентябрга чейин эмгек өргүүсүндө болушат жана эч нерсеге комментарий бере албайт — Nur TV компаниясынын өзү да ушундай эле жооп берди, алардын кызматкерлеринин көпчүлүгү өргүүдө жүрүшкөнүн айтып.

NewTVнин директору Нурлан Шакиев сюжетти Бакиевдин классташтары тартышканын билдирген. Ал берүүдө «эч кандай саясат жок» деп эсептейт.

«Бул болгону ал Бакиевдин балалык чагы, окуучулук күндөрү, классташтары менен мамилеси тууралуу тасма. [...] Ар кандай тагдырлар болот да, биз аларды көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн укугубуз чектелүү эмес. Бул жерде биз, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргойлу, коомго бүлүк салалы деген оюбуз болгон эмес. Биздин телеканал жеке болгону үчүн эч кимди колдобойбуз», — деп билдирген Шакиев.

Шакиев өзү 2006-2009-жылдары Бакиевдин командасында иштеген. Ал Бакиевдин администрациясына басма сөз катчы кызматына келип, мурдагы президенттин кулатылышына чейин бир жыл мурда анын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.

Шакиев 2009-жылы коомдук «ЭЛТР» телеканалын жетектей баштаган, бирок революциядан кийин ал бул кызматтан алынган. Бийлик алмашкандан кийин, тагыраагы 2010-2011-жылдары, Шакиев Кыргызстандын маданият министри болгон.

Nur TVнын жетекчиси Каныбек Темиров «Бакиев жөнүндө каналдан тасманын көрсөтүлүшүнө тиешеси жоктугун» билдирди. Ал качкын президент жөнүндө сюжетти толугу менен көрө электигин кошумчалады.

«Тасманы каналдан коммерциялык негизде көрсөтүшкөн, ал эми канал жеке жана контент боюнча өзү чечим кабыл алат. Тасманы көрсөтүү тууралуу чечимди коммерциялык бөлүм кабыл алган», — деди Темиров.

Nur TV каналанынын түптөөчүлөрүнүн бири болуп Казыбек Ташиев эсептелет — ал парламенттин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууганы.

Буга чейин качып кеткен президент Бакиевдин туугандары мурдагы президент жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу даректүү тасманы көрсөтүүгө даярдап жатышкандарын билдиришкен. Тасма 2019-жылдын август айында чыгышы керек эле. Тасмада Бакиевдин жашоосун көрсөтүп, сын-пикирлерге жооп берүүнү убадалашкан.

Коомдук тармактын реакциясы

Коомдук тармактардын колдонуучулары көбүнесе тасмага терс реакция билдиришти — бир бөлүгү бул көрсөтүүнү «Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келишине» жана аны реабилитациялоого «шарт» түзүү катары кабыл алышкан.

Что за мракобесие творится? По телевизору, конкретно по телеканалу NewTV показывают передачу про Курманбека Бакиева....

Posted by Асель Асель on Tuesday, July 30, 2019

Башкалары болсо Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Бакиевдерди Кыргызстанга алып келгиси келет деп айткан сөздөрү чын экен деп жазышууда. Азыр эки президент, мурдагы үзөңгүлөштөр араздашып жатышат.

https://twitter.com/_Niyazova/status/1156432517697855488

Колдонуучулар Бакиевдерди сюжетте оң жагынан көрсөтүп, ал эми мурдагы президентти «экс-президент» (ред. — Курманбек Бакиев Беларуска качкандан кийин бул макамдан ажыратылган) деп аташканына кыжырданышкан.

Колдонуучулардын арасында Бакиевдин тарапташтары да табылды. Мисалы, Аскат Тейиттин постунун алдында кулатылган президент тууралуу оң комментарийлер көп болгон: «Эгер Курманбек Бакиев өлкөнү эмдигиче башкарып турганда, Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири болмок».

Курманбек Салиевич жөнүндө Нур тв дан даректуу фильм коргозулуп жатат

Posted by Аскат Тейит on Tuesday, July 30, 2019

Парламенттин депутаты Элвира Сурабалдиева твиттеринде «мындан ары ууралар менен адам өлтүргүчтөрдү реабилитациялоо аракеттерине жол бербеш үчүн» телеканалдын экөөсүн тең жаап салууну сунуштады.

https://twitter.com/ElviraSur/status/1156439112045514754

NewTV: «Ихлас» менен байланышы

NewTV телеканалы 2017-жылдан тарта иштеп баштаган. Анын брендинин артында «2 канал» ЖЧКсы турат — ал мурда «Башат» деген Оштогу телевизиондук компания болгон.

Юстициция министрлигинин базасындагы компания жөнүндө маалыматка ылайык, учурда негиздөөчү деп Уланбек Ысмайылов көрсөтүлгөн. Бирок кайра каттоого алынганга дейре, 2017-жылдан тарта Ысмайыловдун ордуна «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жаныш Маткасымов түптөөчү болгон.

Өз кезегинде «Мекеним Кыргызстанды» бир нече саясий жаңжалдарга аралашкан «Ихлас» курулуш компаниясы менен байланыштырышууда.

NewTVнин юридикалык дареги эки жолу өзгөргөн жана ал эки жолу тең «Ихлас» менен байланыштуу болгон. 2017-жылы телеканал түзүлгөндөн кийин дароо эле компания Бакаев 132 дареги боюнча катталган, ал дарек боюнча «Ихластын» турак жай комплекстеринин бири жайгашкан.

Азыр болсо NewTVнин дареги — бул Бишкектеги Малдыбаев көчөсү 54. Бул дарек боюнча «Ихластын» курулуш объекттеринин бири жайгашкан.

«Ихлас» курулуш компаниясы тууралуу «Клооптун» 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу махинациялар тууралуу иликтөөсүндө да айтылган. Анда аталган компаниянын эки кызматкери Учкунбек Ташбаев менен Денис Поважный сатып алынган добуштарды эсептөө системасы жайгашкан samara.kg сайтын башкарышкан.

Ошондой эле «Ихласты» бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен да байланыштырышат. Бирок Матраимовдор бул байланышты четке кагышат — бул тууралуу парламенттин депутаты Искендер Матраимов билдирген.

Бирок байланыш бар — Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева «Ош плаза» компаниясынын ээси — «Ихластын» долбоорунун аталышы да ушундай. Ал эми Чынара Матраимова турак жай курулуп жаткан участокко ээлик кылат.

Авторлошу: Айдай Эркебаева

Редактору: Элдияр Арыкбаев