Качкын президенттин туугандары Бакиев жөнүндө даректүү тасма тартышты

Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы кабарлады. Фильмдин авторлорунун айтымында, алардын тасмасы көрүү үчүн 2019-жылдын августунда жеткиликтүү болот.

Тасмада качкын президенттин жашоосу көрсөтүлүп, анын ичинде Бакиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине айтылган сындарга жооп айтылат.

2010-жылдын апрель айында Бакиев Кыргызстандын президенттик кызматынан кулатылып, ал өз үй-бүлөсү менен чогу Белорусияга качууга аргасыз болгон. Кийинчирээк Белорусиянын башчысы Александ Лукашенко Бакиевге өлкөдөн башкалка берген.

Кыргызстандын Жогорку соту Бакиевди анын буйругу менен күч түзүмдөрү митингчилерге ок атышкандыгы үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан. Төңкөрүштө 80ден ашуун адам окко учкан.

Бакиевдин уулу — Максимди — Кыргызстанда каржы алдамчылыгы үчүн 25 жылга кесүү өкүмү чыгарылган. Ал эми Бакиевдин иниси — Жаныбек — митингчилерди аткандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

2017-жылы Казакстандын «Хабар» мамлекеттик маалымат агенттиги «Тынчтык орнотуучунун миссиясы. Кыргыз ажырымы» тасмасын чыгарган. Анда тасманын авторлору Курманбек Бакиев кантип казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жардамы менен Кыргызстандан чыгып кеткенин көрсөтүшкөн.