КСДП: Тергөөчүлөр Атамбаевдин инисин жана партиялашын кармашты

Тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө 10-августта түшкө маал келишип Нурбек Шаршеновду УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына алып кетишти.

КСДПнын өкүлү Кундуз Ажибекова билдиргендей, Шаршенов — Атамбаевдин иниси. Аны дагы тергөөчү менен жолугууга алып кетишкен. Ажибекова менен Шаршенов кандай негизде суракка чакырылганы азырынча белгисиз.

Нурбек Шаршеновдун аты Атамбаевдин туугандарынын банктын эсептерин текшерүү боюнча түзүлгөн тизмеде аталган.

Ошондой эле, КСДП Залкар Бакиров аттуу активисттинин дайынсыз болуп жатканын маалымдаган. Анын туугандары Бакировдун кайда экенин билишпейт. Мурдараак КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Бакиров ИИМдин сурагынан кийин кармалганын айткан, бирок министрликтен муну четке кагышты.

ИИМ Атамбаевдин башка тарапташтарынын кармалаганы боюнча маалымат тараткан — «Элдик штабда» иштеген Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиев. Мындан сырткары, ТИЗОго Атамбаевдин жакынкы үзөңгүлөшү Фарид Ниязов да киргизилген. Ал Кой-Таштагы атайын операция маалында спецназдардын барымтага алышы боюнча сурак берүүдө. Анын статусу азырынча белгисиз.

Тергөөчүлөр суракка мурдагы президенттин башка дагы тарапкерлерин чакырышкан: депутат Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, ошондой эле анын уулу Сейитбек Атамбаев. Атамбаев өзү 26-августка чейин камакта калтырылган. Ага коррупция боюнча айып тагылууда. Ал бийликке 8-августта, эки күндүк каршылыктан кийин колго түшүп берген.