Аскер прокуратурасы Атамбаевдин мыйзамсыз баюусун иликтейт

Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшүн баштады. Мурдагы президент — бир нече кылмыш иштеринин фигуранты.

Тергөө Атамбаевди «Адам өлтүрүүлөрдү уюштуруу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алууну уюштурууга» шектеп жатат. Бул иштер мурдагы президенттин үйү 7-8-августта штурмга алынгандан кийин ачылган.

Кийинчерээк Атамбаевге башка дагы алты иш боюнча коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Бул айыптарды парламентарийлер мурдагы президентти кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамдан ажыратып жатканда ачыкташкан.

Бийлик Атамбаевдин жана жакын туугандарынын мүлкүн камакка койгон — тизме «Апрель» телеканалы менен «Медиафорум» акционердик коомун кошкондо 100дөн ашуун объекттен турат. Ошондой эле мурдагы президенттин банктык эсептери, акциялары жана баалуу кагаздары камакка коюлган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуудагы коррупцияга байланыштуу иш боюнча 8-августта кармалган. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта калтырды.

Кошумча: Cот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды