22 батир жана темир жол. Башкы прокуратура Атамбаевдин мүлктөрүн жана банктагы эсептерин камакка алды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакын бир туугандарынын камакка коюлган мүлктөрүн жарыялады.

Тизмеге жүздөн ашуун объект кирген. Анын катарында «Апрель» телеканалы, «Медиафорум» акционердик коому, ошондой эле банктык эсептер, акциялар жана баалуу кагаздар бар:

  • 39 адам жашабаган орун жай;
  • 22 батир;
  • 19 цех;
  • 11 жер участогу;
  • 9 кампа;
  • 8 автоунаа;
  • 3 көп жылдык өсүмдүктөр тигилген участок;
  • 2 турак үй;
  • жайыт;
  • ден соолукту чыңдоо борбору;
  • темир жол;
  • соода борбору;
  • дүкөн;
  • көп батирлүү үй;
  • кеңсе;
  • «Медиа Форум» ААКы;
  • «Форум илимий-өндүрүш фирма» ЖЧКсы;
  • «Апрель-ТВ» ЖЧКсы.
  • «Апрель» коомдук фонду;
  • «“Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпаниясынын редакциясы» ЖЧКсы;
  • «Адамдын Туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча Республикалык Коомдук Эксперттик кеңеш» коомдук бирикмеси;
  • «Ден соолук жана узак жашоо" медико-билим берүүчү илимий борбору» мекемеси;
  • «Телерадиоуюмдарынын Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси»;
  • «“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси.

Андан тышкары, 10 юридикалык жана физикалык жактарга катталган 25 банктык эсепке жана банктык уячалардын ичиндегилерге камак коюлду.

Мурдараак Аскер прокуратурасынын тергөө тобу Атамбаевге «оор кылмыштарды жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу кабар» берген. Ал коррупция айыптары боюнча 26-августка чейин камакта калтырылды.

7 жана 8-августта Атамбаевдин үйү штурмга алынгандан кийин мурдагы президент массалык башаламандыктар менен аскерлерди барымтага алууга байланыштуу иштер боюнча шектеле баштаган.