Cот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узартты — 26-октябрга чейин. Сот Атамбаев камакта кармалып аткан УКМКнын имаратында көчмө жыйын өткөрдү.

Буга чейин УКМКнын имаратында шаардык соттун жыйыны өтүп, анда мурдагы президенттин бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралган. Атамбаевдин адвокаттары шаардык соттон камакка алуу чечимин жокко чыгарууну суранышкан, бирок Атамбаевдин баш коргоо чарасы күчүндө калтырган.

Атамбаев үйү эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармалган. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуудагы коррупцияга байланыштуу иш боюнча кармалган.

Кийинчерээк Атамбаевге башка дагы беш иш боюнча коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Бул айыптарды парламентарийлер мурдагы президентти кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамдан ажыратып жатканда ачыкташкан.

Мындан тышкары, мурдагы президент «Адам өлтүрүүлөрдү уюштуруу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алууну уюштурууга» шектелип жатат — бийлик бул иштерди Атамбаевдин үйүн штурмга алгандан кийин козгогон.

Мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева күйөөсүнө каршы ачылган иштер менен үй мүчөлөрүнүн суракка алынып жатышын «куугунтуктоо» деп атаган.

Бийлик Атамбаевдин жана жакын туугандарынын мүлкүн камакка койгон — тизме «Апрель» телеканалы менен «Медиафорум» акционердик коомун кошкондо 100дөн ашуун объекттен турат. Ошондой эле мурдагы президенттин банктык эсептери, акциялары жана баалуу кагаздары камакка коюлган.

Бул тема боюнча кошумча: Раиса Атамбаева: Мага каршы «кылмыш иштери козголуп жатат»