Нурсултан Рузибоев менен Алтынбек Арыкбаевдин беттеши

Эмне болду?

Өзбек спортчусу Нурсултан Розибоев 18-августта кулатуу боюнча турнирде утулуп калды — кыргыздардын улуттук спортуна негизделген мушташ. Жеңүүчү деп кыргызстандык мушкер Алтынбек Арыкбаев табылган. Мелдеш Ош облусунун Кара-Суу шаарында өткөн.

Мушташтан кийин Розибоев инстаграм баракчасындагы түз эфирде «ушундай да келесоо калк болобу?», «президентин камашкан, милицияны этибарга алышпайт» деп билдирүү жасаган.

Кыргызстанда муну кандай кабыл алышты?

Ал арада кыргызстандыктар социалдык тармактарда Розибоевге каршы терс пикирлерди жазышууда. Кыргыз спортчулары да өзбек мушкеринин билдирүүсүнө жооп кайтара башташты.

«Оозуңа бок толтуруп сүйлөптүрсүң. Шакал, кылган ишиң үчүн жооп бересиң. [...] Сени мушташка чакырам», — деп билдирди белгилүү кикбоксер Дастан Шаршеев.

FFC уюмунун Кыргызстандагы негиздөөчүсү Шер Насирдинов Розибоевди айткандары үчүн кечирим суроого чакырды. FFC — Final Fight Championship, спорттук мушташтын түрлөрүн жайылтуу боюнча эл аралык компания.

«Кыргыз калкын жамандаган сөздөрдү сенден угуу бизге оор сокку болду. Өзүңдү эркектей алып жүрүшүңдү жана спортсмен катары кечирим сураганың туура деп эсептейм», — деген Насирдинов.

Кыргыз бийлиги эмне деп жатат?

Ош ОИИБинен «Клоопко» билдиришкендей, өзбекстандык Розибоев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Розибоев инстаграм баракчасы аркылуу кыргыз элинин улуттук ар намысына шек келтирген кайрылуу таркаткан. Мелдештин уюштуруучулары чакырылып тергөө иштери жүргүзүлө баштады», — деп маалымдады облустук милициянын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева.

Облустук милиция кабарлагандай, Кыргызстанда тергөө аяктагандан кийин эки мамлекеттин күч кызматкерлери Розибоевди суракка чакыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Розибоевдин позициясы кандай?

https://www.instagram.com/p/B1apJDYhMAI/?utm_source=ig_embed

22-августта strong_uzbekistan инстаграм барагында өзбекстандык спортчунун жаңы видеосу жайгаштырылган. Ал жакта Розибоев түз эфирдеги кайрылуусу мушташты көргөнү барган Кара-Суунун тургундарына, андан тышкары таймашка катышкандарга даректелгенин айткан.

«Судья биздин байракты ыргытып, жаман сөздөрдү айтканга кандай акысы бар? Мелдештин акырында 1000 кишиден турган топ уруш үчүн мени көздөй келе жатышты. Калктын жаманы болбойт, адамдын жаманы болот деп жатасыздар, мен миң кишинин кайсынысына кайрылышым керек эле», — деп түшүндүрдү ал.

Розибоев биринчи видеодо айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган эмес.

Нурсултан Розибоев Black деген каймана аты менен белгилүү. Ал 5 жылга чукул убакыттан бери аралаш мушташ чеберчилиги менен машыгып келет. Кыргызстандагы бир катар таймаштарга катышып жүргөн. 2017-жылы Бишкекте өткөн WEF Global 9 эл аралык таймашында жеңүүчү аталган.