Курсан Асановдун айылдаштары бийликтен ага байланыштуу иштерди акыйкат иликтөөнү суранышты

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун айылдаштары 5-сентябрда Ош шаарында маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылышып, Асановго байланыштуу иштерди акыйкат иликтеп мурдагы кызматына кайтарууну өтүнүштү.

«Курсанды ак жерден, болбогон жерден күнөөлөп жатышат. Анын уулу жана шоопуру тууралуу да ар кандай сөздөр айтылып жатат. Мен буларды да жалган деп айтат элем. Курсан эл үчүн кызмат кылган», — деп билдирди Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн тургуну жана Асановдун мугалими Абдулла Абдусейитов.

Айылдык кеңештин депутаты Жолчу Конурбаев айтымында, генералга тагылган айыптоолордун артында көрө албастык жатат.

«Эгерде Асанов Кой-Ташка барбаганда канчалаган адамдар каза табышы мүмкүн эле [...] Жүрөгүн тосуп чыккан Асановду мына минтип жаман аттуу кылып жатышканы туура эмес. Жээнбековдон, депутаттардан ишти акыйкат иликтеп, кызматка кайтарышса деп суранат элек», — деп айтты ал.

Асанов кызматтан 13-августта «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген негизде ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунушу менен бошотулган. Министрликтен Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган» деп билдиришкен.

Анда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу операциясы орун алып, мурдагы президенттин тарапкерлери менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон.

Асанов ИИМ тарабынан өз дарегине коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Анын айтымында, өзүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттикинен өйдө койгон эмес жана өз милдетин аткарган. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча үч кылмыш ишин козгогон. Асанов экөөсү боюнча күбө катары өтүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Курсан Асановду үй камагына чыгарып, Аскер прокуратурасы уулуна издөө жарыялаган.