Курсан Асановдун айдоочусу кармалды

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу «Клооптун» ИИМдеги булактары билдиришти. «Кактус» басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары да аталган маалыматты тастыкташкан. ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, милициянын сержанты Пайзылла уулу Курсан Асанов кызматтан алынгандан кийин август айынын ортосунда жумушунан бошотулган. 22 жаштагы сержант мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү штурмга алынып жатканда бир кызгылт баштык көтөрүп жүргөнү кабарланууда — мурдагы өлкө башчысы Курсан Асановго берген баштыкта «жашыруун документтер, баалуу буюмдар жана акча» бар болгону айтылган.

Мурдараак Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов үй камагына алынган. Тергөө аны алдамчылыкка шектеп жатат.

Курсан Асанов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө — ал суракка алынып, үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Асановду 13-августта ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотушкан.

Асанов кызматынан бошотулган күнү социалдык тармактарда Атамбаевдин кармалышынын видеосу тараган. Ал видеодо баалуу буюмдар бар делген кызгылт пакет көрсөтүлгөн. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, баштыкта «кылмыш иштеринин алкагында Атамбаевдин коргоосун жүзөөгө ашыруу үчүн керектелген» документтер гана болгон. Документтер кийинчерээк Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёвго берилиши керек эле.

Асанов ИИМ тарабынан өз дарегине коюлуп жаткан айыптарга жана ээлеген кызматынан бошотулганына макул эместигин айтып чыккан. Ал «өлкөмдүн жана абийиримдин алдында акмын» деп билдирген.