Аскер прокуратурасы Курсан Асановдун уулуна издөө салды

Аскер прокуратурасы ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине «документтерди мыйзамсыз өткөрүп берүүгө» катышкан деп билдирди. Буга байланыштуу ага издөө салынган.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Курсан Асанов 8-августта Атамбаевдин үйүнөн буюм далилдерди жана документтерди чыгарып кетип, «аларды өткөрүп берүүнү мыйзамсыз уюштурган».

Тергөөчүлөр Курсан Асановго жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу жардам берип, бул буюмдарды Мухаммед-Алиге өткөрүп берген деп эсептешет. Тек гана Асановдун уулу, тергөөнүн версиясына ылайык, документтер менен буюм далилдерди Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп бериши керек болгон.

Асанов 27-августта «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча шектелип, сот аны үй камагында калтырган.

Асановдун уулун издөөгө жарыялашты, себеп дегенде ал, тергөөнүн пикири боюнча, бул кылмышка катышкан. Ошондой эле ага карата камакта калтыруу түрүндө сыртынан баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Мындан тышкары, документтерди Атамбаевдин тарапкерлерине мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышкан деп жансакчы Пайзылда уулу Дамирбек да кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Асановдун ИИМден бошотулушу

Асановду ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн 13-августта ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотушкан. Министрликтен билдиришкендей, Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган». Анын орудуна министрдин орун басарлыгына Памирбек Асанов дайындалган.

ИИМдин версиясы боюнча, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн негизгисин дал ошол Кашкар Жунушалиев жүргүзгөн, ал эми Асанов болсо өзүнө ишенип берилген жерди таштап, тараптар макулдашып коюшкандан кийин Атамбаевди чыгарып кеткен.

Ошондой эле Асановду Атамбаевдин үйүнөн курал-жарактарды бардык процераларды бузуу менен алган жана тергөө аракеттерин камерага тарткан деп айыпташууда.

Кийинчерээк Асанов мурдагы президенттин үйүнөн кызгылт баштык чыгарып кеткендиги айтылган маалымат пайда болгон. Тергөөчүлөр анын үйүн тинтүүгө алышкан. Адвокаттын айтымында, тергөөчүлөр Асановдун үйүнөн мурдагы президенттин резиденциясынан чыгарып кеткен делген ыктымал документтер менен акчаларды издешкен.

Асанов ИИМ тарабынан өз дарегине коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Анын айтымында, ал өзүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттикинен өйдө койгон эмес жана өз милдетин аткарган. Ал пара алуу боюнча айыптоолорду да төгүнгө чыгарган.