Асановдун айдоочусунун жакындары бийликтен аны абактан чыгарууну суранышты

Дамирбек Пайзилда уулунун жакындары маалымат жыйында. Сүрөт: Хамидулло Узаков

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзилда уулунун бир туугандары 10-сентябрда Ош шаарында маалымат жыйын курушту. Алар бийлик өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарына кайрылышып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп абактан чыгарууну өтүнүштү.

«Дамир кичинесинен аракетчил, спорт дегенде жеген ашын жерге койгон бала. Ал Туркиянын Анталия шаарында жакында өтчү кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып аткан. Мындай балдарды Кыргызстан кыйын күнгө калтырбай, ага байланыштуу ишти акыйкаттуу карап, ийгиликтерге жетишине өбөлгө болушу керек деп ойлойм» — деп билдирди анын агасы Памирбек Пайзилда уулу.

Пайзилда уулунун бир туугандары анын мыйзамсыз иштерге барбасына ишенээрин билдиришти.

Курсан Асановдун айдоочусу, милициянын сержанты 22 жаштагы Дамирбек Пайзилда уулу 24-августта кармалып, 23-октябрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аскер прокуратурасы аны «Кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга» айыптап жатат.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Пайзилда уулу Алмазбек Атамбаевдин үйү штурмга алынып жатканда мурдагы президенттин тарапташтарына кызгылт баштыктын ичиндеги буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүү иши боюнча шектүү катары өтүүдө.

13-августта WhatsApp мессенжеринде Асановдун Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тартылган тасма тараган. Видеодогу жазууларга ылайык, мурдагы президент ИИМдин башчысынын орун басарына кызгылт баштык бергени айтылган. Аталган баштыктын ичинде «жашыруун документтер, баалуу буюмдар жана акча» бар болгону маалымдалган.