Автобус катышкан жол кырсыгы: Дагы бир жабырлануучу каза тапты

17 жаштагы кыздын каза тапкандыгы тууралуу Kaktus Media билдирди. Жабырлануучу шаардык ооруканалардын биринде көз жумган.

Ал 9-сентябрь күнү Бишкекте өкмөттүк трассанын тилкесинде болгон жол кырсыгында жабыркаган. Анда ичинде төрт адам отурган «Шкода» үлгүсүндөгү машина автобус менен сүзүшкөн. Машинада болгон үч бала жеринде каза тапкан.

Автобустун ичинде болгон дагы үч адам да жабыркаган. Алар учурда дарыланып жатышат. Саламаттык сактоо министрлигинен алардын өмүрүнө эч нерсе коркунуч жаратпаганын кабарлашууда.