Тажикстан такталбаган аймакта курулган фундаментти бузат — Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» Тажикстан такталбаган аймакта жарандары курган фундаментти 20 сааттын ичинде бузаарын билдирди. Аталган курулуш Баткен облусундагы Жака-Өрүк аймагына жакын жерде жүргүзүлгөн.

«Кече күнү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен протокол кабыл алынган. Ошонун негизинде делимитация жана деморкация иштери бүткөнчө, такталбаган аймактардагы курулган объекттер бузулаары макулдашылган», — деп түшүндүрдү Бердикулова.

Кыргыз бийлигине тажик жарандары эмне куруп жатканы белгисиз болгон. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары талаштуу чек ара тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантып жатышат.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 16-сентябрь күнү кечинде орун алган. Атышуунун натыйжасында бир кыргыз жана үч тажик аскери каза тапкан. Кыргыз бийлиги 13, тажик бийлиги 12 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышып, элчилерге каршылык ноталарын тапшырышкан.