ӨКМ Баткенде ис газына алты адам ууланып каза тапканын тастыктады

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Клоопко» Баткен облусунда 5-6-октябрда шахтадагы ис газына ууланып алты адам каза болгондугун тастыкташты.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сүлүктү шаарындагы «Абдукахар-Кен» шахтасынан 5-октябрда куткаруучулар беш адамды алып чыгышкан. Үчөө оор абалда ооруканга жеткирилген. Бирок дарыгерлер алардын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Ушундай эле окуя 6-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда орун алган. ӨКМге Боз тилкесиндеги шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан үч адам газга ууланып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган куткаруучулар маркумдарды шахтадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Саламаттык сактоо министрлигинен Сүлүктүдөгү шахтада ууланган эки адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, алар учурда үй шартында даарыланып жатышканын билдиршти.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 7-октябрда жыйын өткөрүп, көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана мыйзамсыз казуу иштерин жүргүзбөө тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Көмүр кенине лицензиясы бар компаниялар коопсуздук талаптарын толук сакташы керек. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдай болсо, иштөө укугунан ажыратылып, жоопкерчиллике тартылышы зарыл», — деп билдирди Абылгазиев.