Конституциялык палата Атамбаевден кол тийбестикти алууну мыйзамдуу деп тапты

Конституциялык палата 24-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын арызын карап чыкты. Арызды кароо эки күнгө уланган.

Судьялар экс-президенттерден кол тийбестикти алуу жол-жобосун көрсөткөн мыйзам Конституцияга каршы келип-келбешин караган. Мындан тышкары, палата мыйзамды Атамбаевге каршы колдонууга болуп-болбошу тууралуу суроого жооп бериши керек эле.

Палатанын чечими боюнча мыйзам Конституцияга каршы келбейт жана ал Атамбаевге негиздүү колдонулган. Мурдагы президенттин адвокаты Нурбек Токтакунов чечимди «күтүлгөн» деп атады.

«Биз азырынча президенттик институттан көз карандысыз Конституциялык палатага жана жалпысынан соттук ситемага ээ эмеспиз. Конституциялык палата президенттик институттун саясий кызыкчылыгына жараша чечим чыгарат», — деп билдирди ал.

Атамбаевдин тарапташтары палатага парламент экс-президентти кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин кайрылышкан.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин кол тийбестикти алуу механизми Атамбаевге колдонулган. Августта Атамбаевди кармашып, ТИЗОго отургузушкан. Аны кармоо боюнча атайын операция эки күнгө созулган.

Арызды кароонун биринчи күнү мурдагы президенттин адвокаты  судьялардын курамынан Карыбек Дүйшеевди «кызыкчылыктардын кагылышынан» улам четтетүүнү суранган. Дүйшеев мурда вице-спикер болгон Сооронбай Жээнбековдун бир жылдай кеңешчиси болуп иштеген.

Бирок палатанын мүчөлөрү Токтакуновдун суранычын «судьялардын адилеттүүлүгүнө таасир этүүчү олуттуу жагдай эмес» деп эсептеп четке кагышкан.

Судьялардын өздөрү Атамбаевдин президенттиги учурунда Конституциялык палатада иштеген Эркинбек Мамыровду четтетүүнү өтүнүшкөн. Ал ЖМКларга кол тийбестикти алуу тууралуу чечим кабыл ала электе эле өз пикирин билдирген. Судьялар ал соттук этиканы бузду деген негизде Мамыровду четтетишкен.

Кол тийбестиктен ажыратуу

Парламентарийлер Атамбаевди кол тийбестиктен депутаттык комиссия ага каршы алты айып тагып, Башкы прокуратура алардын бешөөсүн колдогондон кийин ажыратышкан.

Негизинен Атамбаевге Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы жана жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдөгү коррупция, ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катыштыгы боюнча айып тагылууда.

Атамбаев мурдагы тарапташы жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков анын «оозун жабуунун башка ыкмасын таба албай», «ойдон токулган айыптар боюнча соттоону» чечкенин билдирген.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратканга бир нече күн калганда, тарапташтары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова Конституциялык палатага арыз менен кайрылышкан. Алар мурдагы президентке каршы айыптарды тагып жаткан депутаттык комиссия өз укуктарынан аша чаап жатканын билдирген.