Economist.kg депутат Мамашованын бизнестерин тапты. Ал фирмалары жабылып жатканын билдирди

Economist.kg финансылык басылмасы парламенттин депутаты Айсулуу Мамашованын бизнеси бар экенин жана ал бир нече фирмалардын жетекчиси экенин аныктаган. Мамашова бизнестерге ээлик кылаарын декларацияларында көрсөткөн эмес.

Басылманын маалыматы боюнча, Мамашова 2006-2013-жылдары түзүлгөн беш фирманын тең негиздөөчүсү жана аларды жетектейт. Ал эки компаниянын жетекчи катары көрсөтүлгөн: дүң соода боюнча Aisu-Lu фирмасы жана аба менен жүк ташуу боюнча «Дасмиа Авиэйшн» ишканасы.

Мындан тышкары, Мамашова AQUAPARK DASMIA аквапаркынын, DASNUR турагенттигинин жана аба менен ташуу боюнча KIT-TRAVEL компаниясынын тең негиздөөчүсү.

Бардык фирмалар Горький көчөсү 2 дареги боюнча катталган. «Ачык бюджеттин» маалыматы боюнча, Мамашованын Aisu-Lu менен DASMIA эки фирмасы иштеп жаткан убагында такыр салык төлөшкөн эмес.

Башка KIT-TRAVEL жана DASNUR фирмаларынын салык төлөөчүнүн идентификациялык номерлери жок. Бир гана «Дасмия Авиэйшн» компаниясы бюджетке салык төлөгөн — 2013-жылы 100 сом жана 2017-жылы 200 сом.

Мамашованын бизнеси болгонуна карабастан, ал өзүнүн 2015-2017-жылдарындагы декларацияларында бир айда 17 миң сомдон 65 миң сомго чейинки киреше көрсөткөн.

Айсулуу Мамашова 2015-2017-жылдары берген декларацияларга ылайык, ал ушунча бизнеси бар болуп туруп бир айда 17 миң сомдон 65 миң сомго чейин акча иштеп таап турган.

2015-жылкы декларацияга ылайык, Мамашова 210 миң сомго чукул акча иштеп тапкан, тагыраагы, бир айда 17 миң сом. Депутаттын документтеринде 219 чарчы метрлик батир жана 166 чарчы метрлик кеңсе бар.

2016-жылы Мамашованын кирешеси 634 миң сомго чейин өскөн — бул бир айга 53 миң сомго чукул акча.

2017-жылы Мамашова декларацияда «башка мүлктөрдү» көрсөткөн жана анын кирешеси 738 миң сомго чейин өскөн — бул бир айда 65 миң сомго чукул акча. Анын туугандары бул жылы 4,83 млн сом акча иштеп тапкан, тагыраагы бир айда 340 миң сом.

Мамашова «24.kg» маалымат агенттигин курган маегинде билдиргендей, юстиция министрлиги менен салык кызматынын маалымат базаларында жабылып калган компаниялар жазылган.

«Аларды жабуу процесси жүрүп жатат, бирок биз каалагандай тез жабуу ишке ашпай эле. Анткени негиздөөчүлөрдүн курамында башка өлкөнүн жарандары дагы бар. Мен бул компанияларды башкарбайм. Алар иштебешпейт жана киреше дагы алып келишпейт. Алардын реалдуу статустары көрсөтүлбөйт. Натыйжада, мен беш компанияда негиздөөчү болуп жана аларды жашырып жаткандай болуп жатат», — деген ал.

Мыйзам бузуу

Юрист Фатима Якупбаева «Клоопко» түшүндүрүп бергендей, фирманы жабуу процесси «чын эле көп убакытты алат».

«Жабылышы тууралуу билдирүү юстиция министрлигинин сайтында жарыяланышы керек», — деди Якупбаева.

Анын айтымында, Мамашованын тең негиздөөчүсү деген статусу болгону — бул мыйзам бузуу. Мыйзам боюнча, депутат «ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт». Бирок, Якупбаева билдиргендей, «иш жүзүндө регламент жана этика боюнча комитет» депутаттарды жоопкерчиликке тартуу үчүн «олуттуу эч нерсе кылбайт».