«Клооп» жакында эле Бишкектин бийлиги Ататүрк паркынын үчтөн биринен көбүн жеке колдорго мыйзамсыз бөлүп бергени тууралуу иликтөө жарыялаган. Негизинен жер тилкелерди аткаминерлер, интеллигенция жана алардын туугандары алышкан. Жыйынтыгында, дарактар менен гүлдөрдүн ордуна паркта хан сарайлар пайда болгон.

Сизге оюн ойноп көрүүнү сунуштайбыз. Анын эрежелери эң жөнөкөй: алдыңызда паззлдар пайда болот, алардын жардамы менен үйдүн сүрөтүн чогултуш керек.

Эгер сиз биздин оюнубузду ойногуңуз келбесе, анда парктан берилген участоктор жана алардын ээлери тууралуу түзүлгөн интерактивдүү картабыз менен таанышыңыз. Картада кайсы бир убакта президент Сооронбай Жээнбеков ээлик кылган жер да бар. Ооба, дал ошондой!

Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бул үйдү парктагы жерге ээлик кылып турганда курган (бирок анын басма сөз катчысынын айтымында, Жээнбеков эч нерсе курган эмес). Ал депутат болуп турган учурда бул участокту бекер алып, бир нече жылдан кийин сатып жиберген.

Парктагы бул эки кабаттуу коттежди Александр Костюк курган. Ал жерди айыл чарба министри болуп турганда алган. Азыр үй ага таандык эмес.

Чатыры күндөн энергия алуучу батарея менен жабдылган ушундай заманбап стилдеги үй Мария Нанаевага таандык. Ал мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы. Ал өзү бул турак жайда жашабайт, аны ижарага берет.

Бул чоң хан сарайга парламенттин экс-депутаты Хаджимурат Коркмазовдун үй-бүлөсү ээлик кылат. Алар 2003-жылы ошол кездеги башкы прокурордун орун басары Галина Пугачёвадан бош участок сатып алышкан. Пугачёва болсо жерди мэриядан бекер алган.

Сыртынан парктагы эң заңгыраган эмес үйдөй көрүнгөн бул үй учурда сатыкка коюлган эң кымбат үйлөрдүн бири. Анын ээси экс-элчи Рысбек Качкеев үй үчүн 350 миң АКШ доллар сурап жатат.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы жана парламенттин эки жолку депутаты Курманбек Осмонов бул үйгө эмдигиче ээлик кылып келет. Ал бул жерди 2003-жылы юстиция министри болуп турганда бекер алган.

Өмүрбек Кутуев участокту 2004-жылы бекер алган. Ал ошол убакта Бишкек прокуратурасын жетектеп турган. Анын айтымында, бул хан сарайды мамкызматтардагы узак карьерасында иштеп чогулткан акчасына салган.

Бул үйдү Конституциялык палатанын маркум судьясы Жумадил Макешовдун үй-бүлөсү курган. Участокту анын жубайы Барчын Сатаркуловага 2004-жылы бөлүп беришкен. Бирок, мурда Макешовдун да парктан алган участогу бар эле, бирок жерди аялы участок алганга чейин бир аз мурдараак сатып жиберген.

Иликтөөнүн толук текстин бул жерден окуса болот.