Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Документ Кыргызстандын аймагында уран жана торий кендерин иштетүү, чалгындоо жана издөө боюнча ишмердикке тыюу салат.
Бул мыйзам калдык сактагычтардын күрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жайылтылбайт — бул радиациядан жабыр тарткан жерлерди экологиялык жактан калыбына келтирүү боюнча чаралар.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн 110 депутат макул деп добуш берсе, 1 депутат Азамат Арапбаев каршы добуш берген, дагы тогуз эл өкүлү жыйында жок болгон. Мыйзам долбоору президент Сооронбай Жээнбековдун кол коюусунан кийин күчүнө кирет.
Мурдараак премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев лицензиясы бар болгон компанияларга уран иштетүүгө тыюу салган.
Бийлик уран жана башка радиоактивдүү элементтерди иштетүү жана чалгындоого тыюу салуу чечимин 2019-жылы апрелде Ысык-Көл жана Бишкекте болуп өткөн бир катар нааразылык акциясынан кийин кабыл алган.
Уран казууга каршы нааразычылыктар
Уран кендерин казуу жана иштетүү ыктымалдыгы тууралуу 2018-жылы эле белгилүү болгон, ал эми 2019-жылдын мартында орусиялык инвестор менен келишим тууралуу маалым болгон болгон. Апрель айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлө баштаган. Жергиликтүү калк буга каршы болуп, митингдерге чыга баштаган.
21-апрелде активисттер Бишкекте уран кендерин казууга каршы флешмоб өткөрүшкөн. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Таш-Булак уран кенинде ишти токтото турууну тапшырган. Депутаттар Кыргызстанда 2070-жылга чейин уран казууга тыюу салууну сунушташып, андан кийин өкмөткө Кыргызстанда уран казууга тыюу салуу тапшырмасын беришкен. Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков да Кыргызстанда уран казылбайт деп убада барген эле.