Депутаттар өкмөткө Кыргызстанда уран казууга тыюу салууну тапшырышты

Парламентарийлер 2-майда өкмөткө Кыргызстанда уран казууга жана издөөгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырышты.

«Коомдук резонансты жана адамдардын өмүрү менен ден соолугуна, анын ичинде айлана чөйрөгө зыян тийиши мүмкүндүгүн эске алуу менен радиактивдүү элементтердин кенинде геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салынсын», — деп айтылат токтомдо.

Депутаттар өлкө боюнча чачылган уран калдык сактагычтарын рекультивациялоо боюнча гана иштерден башкасына тийиштүү болушу керек деп эсептешет. Ошондой эле парламентарийлер өкмөткө уран казууга лицензиялары бар компаниялардын бардыгынын ишмердиктерин изилдеп чыгууну тапшырышты.

«Жогорку Кенеш уран кени чыккан жерлерге геологиялык чалгындоого, иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды. Өкмөт аны аткарууга милдеттүү. Уран токтойт!» — деп жазган депутат Жанар Акаев.

Парламент мындай чечимди апрелдин аягынан бери Кыргызстанда болуп жаткан уран казууга каршы митингдердин шартында кабыл алды.

Ысык-Көл облусунда бир катар митингдер болуп өткөн, анда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштерин аяктап, ал жерде уран казганы даяр турган болчу.

Ошондой эле активисттер Бишкекте да бир нече митинг өткөрүшкөн. Уран казууга каршы чыккандардын онлайн петициясы 30 миңден ашуун кол топтогон.

Нааразычылык акцияларынан кийин «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын уран кенин чалгындоого лицензиясын чакыртып алганын билдирген. Бирок бир нече күндөн кийин өкмөт анын аракетин болгону токтото туруу чечимин гана кабыл алганы белгилүү болгон.