Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кениндеги иштердин айлана-чөйрөгө таасирин «дыкат» талдап чыга турган комиссия түздү.
Абылгазиевдин айтымында, уран кенине карата чечимдердин бардыгы «бул комиссиянын ишинин жыйынтыктарын эске алуу менен гана» кабыл алынат.
«Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга [айлана-чөйрөгө] зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл», — деди өкмөт башчы.
Абылгазиев учурда аталган кенде уран казылбаганын жана ал комиссия өз жумушун аяктамайынча өндүрүлбөсүн кошумчалады.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Таш-Булак уран кени «чийки заттардын жоктугунан улам иштебей турган» Кара-Балта тоо кен комбинатынын ишке киришине жардам бере алат.
«Уран кенинде 250дөй жумуш ордун, ал эми Кара-Балта тоо кен коминатында – 450 жумуш ордун түзүү пландалууда», — деп айтылат өкмөттүн катында.
Кыргызстандыктар Ысык-Көл облусунда уран казууга айлана-чөйрө бузулуп кетиши мүмкүн деген коркунучтардан улам каршы чыгышууда. change.org сайтындагы онлайн петиция бир сутканын ичинде 10 миңден ашуун кол топтогон. Жергиликтүү тургундар эки жолу митингге чыгышкан.
«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы кен чыгуучу жерде 2013-жылдан бери геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Уран кенин иштетүү тууралуу 2018-жылдын декабрында эле белгилүү болгон. Ошол маалда Кара-Балта комбинатынын башчысы Андрей Акимов да айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жол берилбесин убадалаган.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитети кен иштетүү «экологиялык жактан коопсуз» болуп, жаңы жумуш ордуларын түзөт деп айтууда. Ведомство кен иштетүүдө реагенттер колдонулбасын жана калдык сактагычтар курулбасын убада кылууда.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Ысык-Көл облусунда уран кендерин иштетүү. Эмне белгилүү?
- Ысык-Көлдөгү митинг: Тургундар Таш-Булак уран кенин жабууну талап кылышууда