Ататүрк паркындагы үй. Сүрөт: «Клооп» үчүн тарткан Светлана Зеленская

Жакында эле «Клооптун» журналисттери Ататүрк паркындагы жер участокторун Бишкектин бийлиги узак жылдар бою мамкызматкерлерге, судьяларга жана башка таасирлүү адамдарга кантип таратып бергени тууралуу иликтөө жарыялаган.

Буга чейин «Клооп» парктан участоккоо ээ болгон депутаттар тууралуу айтып берген. Биз бул материалда кайсы бир убакта парктын жерлерине ээлик кылган бизнесмендер тууралуу сөз кылабыз.

IT компаниянын негиздөөчүсү

Кубанычбек Шейитов компьютерлерди сатуудан башталган Inter-Alliance компаниясын 20 жылдан ашуун убакыт мурда негиздеген. Компания акыркы беш жыл ичинде жабдууларды жеткирүү боюнча миллион доллардан ашык суммага жарыяланган мамлекеттик тендерлерди утуп алган.

Шейитов аянты 790 чарчы метр жер участогун 2003-жылы бекер алган, андан кийин сейил бакта бассейни бар эки кабаттуу хан сарай пайда болгон.

«Клооптун» журналисттери ал кантип парктан жерге ээлик кыла баштаганы тууралуу комментарий алууга аракет кылышкан, бирок ишкер бул боюнча сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Жеке ишкер жана экс-депутат

Бизнесмен жана мурдагы депутат Эркин Байсалов Ататүрктөгү мечиттин жанындагы чоң участокту 2003-жылы алган. Мэрияга ага 1440 чарчы метр жер бөлүп берген. Башында Байсалов жердин убактылуу эле ээси болчу.

Бирок 2009-жылы ал жерди өзүнө каттап, ал эми эки жыл өткөндөн кийин сатып жиберүүгө үлгүргөн. Жердин жаңы ээси тилкеде дубал жана видео камералар менен курчалган төрт кабаттуу үй курган.

Мындан тышкары, Байсалов тогуз компаниянын ээси жана тең ээси болуп саналат. Ал компаниялардын экөөсү эч кандай ишмердик кылбайт.

Банкир

Мурат Кунакунов Ататүрк паркынан 2008-жылы жерге ээ болгон — көптөгөн кошуналарына салыштырмалуу, ал жерди бекер албай, сатып алган. Кайсы бир учурларда бийлик, Кунакунов сатып алган жер тилкесинин ордуна чет элдик делегациялар үчүн отель курууну пландаган, бирок курулуш каражат жетишпегендиктен аягына чыкпай калган.

Жер сатып алгандан кийин бир жылдан соң Кунакунов тилкесинде чоң үй салып, аны аялына белек кылган. Анын үйүнүн жанына виллар гана эмес, Башкы прокуратуранын имараты да коңшу жайгашкан.

Кунакунов журналисттердин комментарий берүү суранычтарын этибарга албай койду.

Качып кеткен премьер-министрдин мурдагы аялы

Мурда Чынара Исаева премьер-министр жана Бишкектин экс-мэри Данияр Үсөновдун жубайы болгон. Үсөнов 2013-жылы, парктын 11 гектар жерин курулуш иштерине өткөрүп бергени үчүн сыртынан 15 жылга кесилген.

Ал убакта Үсөнов Даниил Урицкий деген жалган аты менен Белорусияда жашап жатканына үч жыл болгон — ал бул өлкөгө 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин качып кеткен.

Бирок, анын мурдагы аялы парктагы эң чоң участоктордун бирин 2003-жылы алган эле — ошондо ага аянты 5557 чарчы метрди түзгөн жер бөлүнүп берилген.

Ал кийинчерээк жакын жайгашкан дагы эки участокту сатып алып, бир аздан кийин аларды кайра дээрлик 150 миң долларга сатып жиберген.

Чынара Исаева журналисттердин комментарий берүү тууралуу өтүнүчүнө жооп берген жок.

Матраимовдордун эжеси

Чынара Матраимова — бай жана таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүчөсү. Ал парктан 1596 чарчы метр жерди 2008-жылы 160 миң долларга сатып алган.

Ал кийинки жылы Аида Алымова аттуу жарандан коңшу жайгашкан участокту белекке алган, бирок Матраимова менен бул аялды эмне байланыштырып турганы белгисиз.

Матраимова эки участокту тең 2012-жылы 191 миң долларга саткан. Алардын бирөөсүндө хан сарай, ал эми экинчисинде бир кабаттуу үй курулган.

«Аталган жер тилкеси мыйзамдарды катуу сактоо менен базар баасында сатылып алынган. Бул жер тилкеси парктын аймагы болгон эмес, анын үстүнө "жашыл аймак" катары кайтарууда эмес болчу. Бир тууган ага-инилеримдин сатып алууга эч кандай тиешелери жок, мен өзүмдү-өзүм камсыздаган адаммын», — деп жазган журналистерге Чынара Матраимова.

Анын бир тууган ага-инилеринин баары тең иликтөөнүн авторлорунун комментарий берүү өтүчүнө жооп беришкен жок.

Материалдын автору: Рустам Халимов

ТЕМА БОЮНЧА:

Коомдук парк бай бизнесмендердин шаарчасына кантип айланып калды?